Негизги иш багыттары

1 Практикалык жана лабораториялык сабактарды камсыз кылуу

МФТИТ институтунун бардык адистиктеринин практикалык жана лабораториялык сабактарын компьютердик класстарда үзгүлтүксүз жана сапаттуу өткөрүлүшүн камсыз кылуу.

2 Инновациялык технологияларды колдонуу

МФТИТ институтунун бардык адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо заманбап жана инновациялык маалыматтык технологияларды колдонууга шарт түзүү.

3 Тармактарды уюштуруу жана иштеши

Студенттер үчүн локалдык жана глобалдык тармактарды (интернет жана ички тармак) натыйжалуу уюштуруу жана туруктуу иштешин камсыз кылуу.

4 Техникалык тейлөө жана программалык жаңыртуу

Компьютердик класстардагы компьютерлерди техникалык тейлөөлөрдү жүргүзүү жана үзгүлтүксүз түрдө заман талабына жооп берген заманбап программалык жабдылыштар менен жаңыртып туруу.

5 Студенттердин көндүмдөрүн калыптандыруу

Студенттердин жеке компьютер менен практикалык иштөө көндүмдөрүн калыптандырууга жана заманбап маалыматтык технологияларды өздөштүрүүсүнө шарт түзүү жана окутуучу студенттерге окуу процессинде көмөктөшүү.

6 Окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу

МФТИТ институтунун окутуучуларынын квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзүү.

7 Практикаларды уюштуруу жана өткөрүү

Окуу-таанышуу, өндүрүштүк, квалификациялык жана диплом алдындагы практикаларды сапаттуу уюштуруу жана өткөрүү.

8 Окуу же иш процесстери үчүн долбоорлорду иштеп чыгуу

Лаборанттар окуу процесстерин жөнөкөйлөтүү, ыңгайлаштыруу жана ылдамдатуу максатында зарыл болгон программалык камсыздоолорду иштеп чыгышат.