Конференция, семинар, конок лекция

Практиканттар үчүн чогулуш.

2025- жылдын 25- октябрында ЭТФ кафедрасынын 2- курсунда окуган магистранттар менен илимий- изилдөө практикасынын өтүшү боюнча чогулуш болуп өттү. Чогулушка ЭТФ кафедрасынын жалпы жамааты жана МФТИТ институтунун директору, доцент Азимов Б. А., директордун магистратура жана PhD докторантура боюнча орун басары, доцент Оморалиева Г. А. катышты. Практика өтөө мезгилиндеги кыйынчылыктар, отчетторду жазуунун, күндөлүктөрдү толтуруунун жол жоболору боюнча маселелер каралды.


Илимий конференция АнГУда

510400 "Физика" багытында окуган докторанттар Шералиева А., Юсупали уулу З., Исмаилахун кызы М. жана магистранттар Шарипова Г., Урмат кызы Ж., Дурсунбай кызы С. 2025- жылдын 19- декабрында Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн " Lexsolar жаңы энергия булагы " боюнча семинарга активдүү катышып, сертификат ээлери болушту.