Аталган предметтерди окутуунун сапатын арттыруу боюнча кафедранын профессордук-окутуучулук жамааты тарабынан төмөндөгүдөй окуу куралдары, окуу-усулдук колдонмолор жарык көргөн. Б.Арапов, Т.Арапов “Кванттык механика”, А.С.Усаров “Электродинамика”, А.С.Усаров, Э.Турмашев “Криогендик жана вакуумдук техника”, А.С.Усаров, К.Аманбаева “Классикалык механика боюнча маселе чыгаруу”, М.Курбаналиев, М.Ч.Өскөнбаев “Оптика боюнча практикум”, М.Ч.Өскөнбаев, М.Курбаналиев “Атомдук жана ядролук физика боюнча практикум”, А.Миңбаева “Астрономия”, “Астрофизика” окуу китептери, “Астрономия боюнча лабораториялык жумуштар” жана башка окуу-усулдук иштери жарык көргөн.
.











