Иш берүүчүлөр менен жолугушуу
2026-жылдын 4-февралында ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда «Университет жана эмгек рыногу» аттуу иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Семинарга ар тараптуу ишканалардан жумуш берүүчүлөр катышып институттагы жалпы адистиктер, анын ичинде “Информатика жана эсептөө техникасы” адистигине тиешелүү билим берүүнүн стандарттары, ошондой эле иш берүүчүлөр менен иштөө жана мекеме ишканалардагы бош ваканттык орундарды туура издөө боюнча маалымат берилди.
Жалпы институт боюнча берилген маалыматтардын жыйынтыгында талкуу жүрүп иш берүүчүлөр өз ойлору менен бөлүшүп, эмгек базары талап кылган дисциплиналарды технологиянын тездик менен өнүгүп жаткандыгына карата окутуу боюнча сунуштарын беришти. Иш-чаранын жүрүшү тараптар менен сунуш пикирлерди эске алып, мындан ары дагы кызматташуу боюнча резолюция кабыл алынды.


















