06.02.2026-жылы Бишкек шаарында өткөн «Кыргыз Республикасында педагогикалык илимдин жана билим берүү технологияларынын абалы, көйгөйлөрү жана өнүгүү биримдиги» аттуу конференцияга Жогорку математика жана инновациялык технологиялар кафедрасынын доценттери Зулпукарова Д.И. жана Жакыпбекова А.Т. катышып келишти.
2023-жыл. Андижан университети. Эл аралык конференция. Буткул дуйнолук экологиялык проблемалар
2023-жыл август. Талас унивеситети. Бекбоевдик окуулар. Эл аралык конференция
12-сентябрда Ош мамлекеттик университетинде Кыргызстандын билим берүү тармагына эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты Мейликан Алтыбаеванын 75 жылдык мааракесине жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан келген белгилүү окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жетекчилери, кесиптештери, шакирттери катышты. Коноктор Мейликан Алтыбаеванын адамгерчилиги, ишмердүүлүгү, илимий эмгектери тууралуу айтып, мааракеси менен куттукташты. ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев ректор Кудайберди Кожобековдун атынан куттуктап, анын устаттык сапатын жана окуу жайга кошкон салымын белгиледи.











