31.01.2026 Университетти башкаруунун заманбап технологии боюнча КПК сабактары өткөрүлдү. Тренерлер: Авазова Э., Саматова Э., Алтыбаева М.
шилтеме
2026-жылдын 24-январында «Заманбап университетти башкаруу технологиялары» квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүп жаткан студенттер үчүн онлайн тренинг өткөрүлдү. Тренер: А.О.Келдибекова.
шилтеме
2026-жылдын 19-январында «Билим берүүдөгү менеджмент» магистратура программасын ишке ашыруучу кафедранын окутуучулары – п.и.к., доцент Алтыбаева М.(программанын жетекчиси), педагогика илимдеринин доктору, профессор Келдибекова А.О. (МИОТжББМ кафедрасынын башчысы), окутуучулар – э.и.к., доцент Саматова Э.Э., ага окутуучу Авазова Э.Т. ОшМУнун профессордук-окутуучулар курамын 144 сааттык «ЖОЖду башкаруунун заманбап технологиялары» квалификациясын жогорулатуу курсунда билим берүүдөгү менеджменттин негиздерине үйрөтө баштады. Тренинг 2026-жылдын 20-февралына чейин өткөрүлөт.
шилтеме
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борбору жана ОшМУнун Математика, физика, инженерия жана маалымат технологиялары институту тарабынан 2025-жылдын октябрь айында уюштурулуп жаткан “Билим берүүдөгү менеджмент” багыты боюнча 144 сааттык курска Өзбек Республикасынын Наманган мамлекеттик университетинен 19 окутуучу кесиптик чеберчилигин жогорулатууга келди.
шилтеме
2025-жылдын 25-октябрында Наманган мамлекеттик университетинин жана Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунун профессордук-окутуучулук курамы үчүн билим берүүнү башкаруу боюнча квалификацияны жогорулатуу курсу болуп өттү. Тренерлер — МИОТжББМ кафедрасынын мүчөлөрү — Алтыбаева М.А., Саматова Э.Э., Келдибекова А.О. жана Авазова Э.Т. — окутуунун сапаты жана натыйжалары, аккредитация жана билим берүүнүн сапаты, менеджменттеги инновациялык технологиялар жана өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча теориялык курсту өткөрүштү.
Квалификацияны жогорулатуу курсу 2025-жылдын 11-октябрында башталган.
шилтеме
18.10.2025-ж. сабактар курстан квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү менеджменти үчүн АКШ Наманганского мамлекеттик университетинин жана Наманганского мамлекеттик педагогикалык институтун. Машыктыруучулар - кафедранын мүчөлөрү ТОМИиОМ келдибековдун тарапташтары А. О., Саматов жана Э. Э., Авахзова Э,Б. бакчага курсу теориялык блоктун республикасын стратегиялык башкаруу боюнча жож, маркетинг теориялары лидердик жана коммуникациялык способностям менеджера.
КПК башталды 11.10.2025-ж.
https://www.facebook.com/share/p/17eatGUQdW/
шилтеме
Өнөктөш университеттердин кесиптештерибиз үчүн билим берүүнү башкаруунун негиздери боюнча тренингдер башталды.
2025-жылдын 11-октябрында МИОТжББм кафедрасынын окутуучулары М. Алтыбаева, А. Келдибекова, Э. Авазова жана Э. Саматова Наманган мамлекеттик университетинин жана Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучуларын билим берүүнү башкаруунун негиздери боюнча окута башташты. “ЖОЖду башкаруунун заманбап методдору” аттуу 144 саатык квалификацияны жогорулатуу курсу теориялык жана практикалык блоктордон түзүлгөн.
шилтеме
5.05.2025
ОшМУнун кесиптик окуу жайлары жана Наманган мамлекеттик университетинин кесиптештери үчүн "ЖОЖду башкаруунун заманбап ыкмалары" квалификациясын жогорулатуу курсунун онлайн сабактары өткөрүлдү
шилтеме
28.04.2025 ж. ОшМУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн директору Аттокуров К., имфтиттин директору Б. А. Азимов курстун катышуучуларына - Наманган мамлекеттик университетиндеги жана ОшМУдагы кесиптештерибизге ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борборунун эл аралык үлгүдөгү сертификаттарын тапшырышты.
Кесиптештерибизге ЖОЖду башкаруу боюнча алган билимдерин үзүрлүү колдонуп, өз уюмдарынын өнүгүшүнө салым кошуп, университеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты бекемдешине тилектешпиз.
шилтеме
23.04.2025 гибриддик форматта "ЖОЖду башкаруунун заманбап ыкмалары"квалификациясын жогорулатуу курсунун катышуучуларынын долбоордук иштерин коргоо болуп өттү. Катышуучулар ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору менен биргеликте Томиом кафедрасы уюштурган Курстун толук программасын угушту, өз алдынча тапшырмаларды аткарышты жана тандалган темалар боюнча жыйынтыктоочу долбоордук иштерди даярдашты. Окуу жайлар ортосундагы эки тараптуу келишим боюнча академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Наманган мамлекеттик университетинин кесиптештери квалификациясын жогорулатышат.












