1-курс студенттери үчүн жолугушуу
Экскурсия
Big Data аналитик адистигинин 1-курс студенттери үчүн экскурсия
Адаптациялык жума
Ош мамлекеттик университетинин Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунда Колдонмо математика жана информатика адистигине кабыл алынган 1-курстун студенттери үчүн Адаптациялык жума жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп келет.
Адаптациялык жуманын негизги максаты – студенттерди университеттик билим берүү чөйрөсүнө тез жана ийгиликтүү ыңгайлаштыруу, окуу процессинин өзгөчөлүктөрү, ички тартип эрежелери, кредиттик технология жана санариптик билим берүү платформалары менен тааныштыруу болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында институттун жетекчилиги жана кафедра окутуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, окуу пландары, силлабустар жана баалоо системасы боюнча кеңири маалымат берилет. Ошондой эле MyEDY порталы жана электрондук билим берүү ресурстары менен иштөө тартиби түшүндүрүлөт.
Мындан сырткары, студенттер үчүн таанышуу тренингдери, мотивациялык жолугушуулар жана командалык иш-чаралар уюштурулуп, алар өз ара жакындан таанышууга жана командалык иш көндүмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Адаптациялык жума 1-курс студенттеринин жаңы билим берүү чөйрөсүнө болгон ишенимин арттырып, алардын кесиптик калыптанышына бекем негиз түзөт.











