"Кыргызстандын мыкты студенти – 2023” сынагы студенттер арасында өтүп, ага республиканын жети облусунан студенттер катышты.
Алардын ичинен ПОВ(б)-1-21 тайпасынын студенти Абдувалиев Мунарбек “Кыргызстандын мыкты студенти” деген наамга ээ болуп, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
Эл аралык "Лучшая научная статья 2023" сынагынын жыйынтыгы
МИТ факультетинин ИСТ багытынын ИСТ(6)-1-20 тайпасынын студенти Аппозова Зулайка Ырысбаевна Ташкент шаарында өткөрүлгөн Эл аралык "Лучшая научная статья 2023" сынагына катышып, сертификат, диплом төш белги менен сыйланды. Ал эми илимий жетекчиси З.Ж. Мурзакматовага ыраазычылык кат берилди.
«АТУУЛДУК СТИПЕНДИЯ-2023» конкурсу
ОшМУда «АТУУЛДУК СТИПЕНДИЯ-2023» конкурсу болуп, жыйынтыгында ОшМУнун эң алдыңкы 10 студенти тандалып алынды. Бул конкурска МИТ факультетинин ИСТ адистигинин студенти Аппозова Зулайка Ырысбаевна катышып, жеңүүчү деп табылып, стипендианттардын катарына кирди. Аппозова бир жыл бою ай сайын 10000 сом өлчөмүндө профессор С. Каримовдун стипендиясын алат.
ОшМУнун ТОП 20 студенттери
МИТ факультетинин төмөнкү студенттери академиялык жетишүүсү боюнча ОшМУнун ТОП 20 студенттеринин катарына киришти жана 10 000 сомдук сертификаттар менен сыйланышты:
1. Өмүрзак кызы Канышай
2. Аппозова Зулайка Ырысбаевна
3. Айдарбекова Нурайым Айдарбековна
4. Маматбакыт уулу Кадырбек
5. Нурлан кызы Диана
5. Жунусова Гүлзина Бердалиевна











