2023-24

2024-жылдын 19-апрелиндеги тегерек стол

2024-жылдын 19-апрелинде ОшМУнун алгебра жана геометрия кафедрасында “Математика” магистрдик багытынын иш берүүчүлөрү, бүтүрүүчүлөрү жана магистранттары менен тегерек стол болуп өттү.

Жолугушуунун максаты:

  • иш берүүчүлөрдү, бүтүрүүчүлөрдү жана магистранттарды ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетиндеги окуу–тарбиялык процессинин мазмуну жана методикасы менен тааныштыруу (ЖОЖдун миссиясы, максаттары, окуу системасы, өнүгүү жолдору, иш-чаралар, кружоктор ж.б.);
  • “510100 Физика-математикалык билим берүү” (“Математика” магистрдик багыты) программасынын негизги билим берүү программасын (НББП) талкуулоо жана сунуштарды киргизүү.

Иш-чаранын ачылышында МИТ факультетинин деканы Сопуев У.А. жана магистратура бөлүмүнүн декандын орун басары Маткалык кызы К. сөз сүйлөштү. Андан соң алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, доцент Папиева Т.М. программа боюнча кеңири маалымат берди: максаты, күтүлүүчү натыйжалар, практикалар, окутулуп жаткан сабактар жана элективдүү курстар.

Кафедра башчысы Борбоева Г. иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен биргелешип НББПнын алкагында окутуунун натыйжаларын топтордо талкуулашты.

Талкуунун жыйынтыгында төмөнкү сунуштар айтылды:

  • Ош шаарынын №8 орто мектебинин өкүлү Матмусаева А.Т.: математика сабагын орус тилинде окуткан мугалимдер жетишсиз, ошондой эле практика учурунда магистранттардан план-конспект, календардык план жана сабактын иштелмелерин жазууну көбүрөөк талап кылуу керек.
  • МК(м)-1-23 тайпасынын магистранты Аззам кызы Ж.: аймакта иштеген магистранттар үчүн сабактарга катышуу кыйын болгондуктан, окутуунун дистанциялык формасын өнүктүрүү сунушталды.
  • ОшМУнун лицейинин директору Болушева Ж.М.: программадан ашыкча сөздөрдү алып салуу, жетишкендиктерди так көрсөтүү, укуктук жана нормативдик документтерди окутуу, ошондой эле окутуунун натыйжаларына адамгерчилик баалуулуктарды кошуу сунуштарын берди.

Жолугушуунун акырында катышуучулар ыраазычылыктарын билдиришип, алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы, программа жетекчиси, доцент Борбоева Г. жыйынтык сөз сүйлөдү.