Неделя науки
Илимий жумалыктын алкагында Европа таануу адистигинин ЕВ-1-22 тайпасынын студенти Алишеров Байаман «Азыркы учурдагы эл аралык келишимдер жана XXI кылымдагы дүйнөлүк көйгөйлөр» аттуу «Билерман QUIZ» интеллектуалдык оюнун өткөрдү.Иш-чаранын максаты – студенттердин эл аралык мамилелер, глобалдык маселелер жана заманбап келишимдер боюнча билим деңгээлин жогорулатуу, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана командалык иштөөгө шыктандыруу болду. Оюн кызыктуу жана атаандаштык маанайда өтүп, катышуучулар өздөрүнүн билимдерин активдүү түрдө көрсөтө алышты. Уюштуруучулар тарабынан жеңген командаларга грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.