Ош мамлекеттик университетинин миссиясы
Ош мамлекеттик университетинин миссиясы – жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуучу заманбап адистерди даярдоо (ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2023-жылдын 31-мартындагы №7 жыйынынын чечими).
Стратегиялык максат
Дүйнөнүн алдынкы ТОП-700 изилдөөчү университеттеринин катарына кирүү жана ОшМУну Борбор Азиядагы эң алдынкы 3 университеттин бирине айландыруу.
Университеттин келечекке карай максаты
ОшМУнун классикалык университеттен дүйнөлүк деңгээлдеги изилдөөчү жана инновациялык университетке трансформацияланышы.
Айыл чарба колледжинин миссиясы
Айыл чарба колледжинин миссиясы – аймактык социалдык өнөктөштөр менен биргеликте өлкөнүн агрардык секторуна атаандаштыкка жөндөмдүү орто звенонун адистерин даярдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын түштүк аймагындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу.











