“Объектное-ориентированное программирование” дисциплинасы боюнча Турсунбаев Э.Т. ачык сабак өттү
21.10.2025 Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде 11-база 2-курс студенттери үчүн “Объектное-ориентированное программирование” дисциплинасы боюнча ачык лаборатордук сабак уюштурулду. Сабактын темасы: “Объявление классов. Работа с классами.” болду. Сабактын жүрүшүндө студенттер программалоодо кеңири колдонулган Class негизги мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, ьерезедеги элементтерди жана маалыматтарды кошуу, өчүрүү, издөө жана иргөө сыяктуу операцияларды практикалык түрдө аткарышты. Теория менен практиканын айкалышы студенттерге теманы терең өздөштүрүүгө шарт түздү. Студенттер өз алдынча тапшырмаларды аткаруу менен логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, программалоо боюнча практикалык көндүмдөрүн чыңдашты. Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Ачык сабакка ОСМКБнын методист-координатору - М.Т. Нурматова, Ө.Р. Шаимкулова окуу-усулдук кеңештин мүчөсү, окутуучу Сулайманов З.М. жана ПЦК башчы Аттокурова А.А. катышып, сабактын мазмундуулугун, уюштурулушун жана студенттердин активдүүлүгүн өзгөчө белгилешти. Мындай ачык практикалык сабактар студенттердин кесиптик билимдерин бекемдеп гана тим болбостон, алардын IT тармагындагы заманбап технологияларга болгон кызыгуусун арттырууда маанилүү роль ойнойт.
“Заманбап программалоо тили” дисциплинасы боюнча Аттокурова А.А. ачык сабак өттү
2025-жылдын 5-декабрында Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжинде 9-база 1-курс студенттери үчүн “Заманбап программалоо тили” дисциплинасы боюнча ачык практикалык сабак уюштурулду. Сабактын темасы: “Коллекциялар менен иштөө: List (тизме)” болду. Сабактын жүрүшүндө студенттер программалоодо кеңири колдонулган List коллекциясынын негизги мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, элементтерди кошуу, өчүрүү, издөө жана иргөө сыяктуу операцияларды практикалык түрдө аткарышты. Теория менен практиканын айкалышы студенттерге теманы терең өздөштүрүүгө шарт түздү. Ачык сабак заманбап окутуу ыкмаларынын негизинде өтүлүп, интерактивдүү тапшырмалар, кызыктуу мисалдар жана программалык коддор аркылуу коштолду. Студенттер өз алдынча тапшырмаларды аткаруу менен логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, программалоо боюнча практикалык көндүмдөрүн чыңдашты. Сабак жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Ачык сабакка окуу-усулдук кеңештин мүчөсү, окутуучу Сулайманов З.М. жана циклдын окутуучулары Акназарова С.С., Моминова Т., Кулмурзаева Н. катышып, сабактын мазмундуулугун, уюштурулушун жана студенттердин активдүүлүгүн өзгөчө белгилешти. Мындай ачык практикалык сабактар студенттердин кесиптик билимдерин бекемдеп гана тим болбостон, алардын IT тармагындагы заманбап технологияларга болгон кызыгуусун арттырууда маанилүү роль ойнойт.











