2026

2026- жылдын 9-сентябрь күнү, ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч.Осконбаев Араван районунун мугалимдеринин предметтер боюнча кеңешмесине катышып, астрономия жана физика предметтеринен виртуалдык ыкма менен окутуу боюнча жана ОшМУнун 510400 "Физика" боюнча магистратура жана докторантура адистиктерине тапшыруунун, окуунун жол жоболору боюнча маалымат берди. Араван райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Мамытова Жылдыз Кубатбековнага ыраазычылык билдиребиз.


2026- жылдын 29- май күнү ЭТФ кафедрасынын улук окутуучусу А. А. Орозбаева Ош облусунун Ноокат районуна караштуу "Нарай" жалпы орто билим берүү мектебине " Акыркы коңгуроо " аземине сыймыктуу бүтүрүүчү, конок катары чакырылып, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипти туура тандоо боюнча кеп-кеңешин берип, мектептин алдыңкы бүтүрүүчүлөрүнө шык берүү максатында акчалай сыйлык менен сыйлады. Жыйынтыгында, мектеп администрациясы тарабынан ыраазычылык билдирилип, ыраазычылык кат менен сыйланды.