Педагогика кафедрасында ачык сабак өткөрүлдү
2025-жылдын 20-ноябрь күнү Педагогика кафедрасынын окутуучусу Жусупова Азиза тарабынан «Кыргыз тили жана адабияты» адистигинин студенттери үчүн «Педагогдун чеберчилиги, мугалимдин жөндөмдүүлүгү» аттуу темада ачык сабак өткөрүлдү.
Ачык сабактын негизги максаты – студенттерге педагогикалык чеберчиликтин маңызын түшүндүрүү, мугалимдин кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруудагы жөндөмдүүлүктүн ролун ачып берүү болду. Сабактын жүрүшүндө педагогдун кесиптик сапаттары, мугалимдик ишмердүүлүктөгү чыгармачылык мамиле, педагогикалык баарлашуу жана билим берүү процессиндеги чеберчиликтин орду тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Студенттер теманын алкагында өз ойлорун билдирип, талкууларга активдүү катышышты. Сабакта интерактивдүү окутуу ыкмалары колдонулуп, билим алуучулардын теманы өздөштүрүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Ачык сабакка кафедранын профессордук-окутуучулук курамы катышып, сабактын уюштурулушуна жана өткөрүлүшүнө оң пикирлерин билдиришти. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду.











