Илим жумалыгынын алкагындагы секциялык жыйын
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда 2026-жылдын 27–29-апрель күндөрү өткөрүлгөн «Математиканын, физиканын, техниканын жана информациялык технологиялардын актуалдуу маселелери жана физика, математика, информатика мугалимдерин даярдоодогу азыркы тенденциялар» аттуу илим жумалыгынын алкагында секциялык иштер уюштурулду.
Секциялык жыйындардын ишин уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамында алгебра жана геометрия кафедрасынын улук окутуучусу Сарыгулова Нуркыз Акболушовна модератор катары активдүү иш алып барды. Студенттер тарабынан актуалдуу илимий темалар боюнча мазмундуу жана кызыктуу баяндамалар сунушталып, жыйындын протоколу түзүлүп, институттун дирекциясына тапшырылды.
Өткөрүлгөн күнү: 27-апрель
Убактысы: 14:00–17:00
Өткөрүлгөн жери: 330-аудитория
Модератор: Н.А. Сарыгулова
Катчылар: Замирбек кызы Н., Насирова Бубуке
Секциянын катышуучулары
| № | Ф.А.А. | Тайпасы | Тема | Илимий жетекчи |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Эламанова Айсымал | МК(б)-1-24 | Приложение производной при решении задач | доц. А.К. Тойгонбаева |
| 2 | Турдумаматова Уулжан | МК(б)-1-24 | Приложение определенного интеграла | доц. А.К. Тойгонбаева |
| 3 | Таирова Диана | Пов-1-25 | Анык интегралдардын колдонулуштары | доц. А.Д. Камбарова |
| 4 | Сыдыкова Гулдана | МК(б)-1-24 | Маалымат доорунда статистиканын ролу | Замирбек кызы Н. |
| 5 | Мамашова Элдана | МК(б)-1-24 | Ыктымалдуулук жана жасалма интеллект | Замирбек кызы Н. |
| 6 | Калыбек кызы Айкөл | МК(б)-1-23 | Математиканы окутууда жасалма интеллекттин колдонулушу | доц. Г.М. Борбоева |
| 7 | Дамирбек кызы Элина | МК(б)-1-23 | Адамзат тарыхын өзгөрткөн 7 сан | доц. Г.М. Борбоева |
| 8 | Молдалиева Замира | МК(б)-1-23 | Дүйнөнү башкарган 5 формула | доц. Г.М. Борбоева |
| 9 | Сапаралиева Канзада | МК(б)-1-23 | Экономикалык өсүштү дифференциалдык теңдемелер менен анализдөө | доц. Г.М. Борбоева |
| 10 | Джарматова Нурзида | МК(б)-1-23 | Математика – жасалма интеллекттин мээси | доц. Г.М. Борбоева |
| 11 | Талантова Гүлнур | МК(б)-1-23 | Криптография: Жашыруун сандар дүйнөнү кантип сактайт | доц. Г.М. Борбоева |
| 12 | Талантбекова Тумар | МК(б)-1-25 | Секреты чисел: от 1 до 9 | улук окутуучу Ч.А. Мустапакулова |
| 13 | Маматбек кызы Мадина | МК(б)-1-25 | Табияттагы жана искусстводогу Фибоначчи сандары | улук окутуучу Ч.А. Мустапакулова |
| 14 | Зундуева Асема Нурлановна | КЛ(б)-2-25 | Билим берүүдө электрондук окутууну жайылтуу | улук окутуучу А.Ж. Абдукаимова |
| 15 | Атабекова Айдина | МК(б)-22 | Примеры использования матриц и определителей в криптографии | улук окутуучу Н.С. Саливанова |
| 16 | Жумаева А. | МК(б)-22 | Процесс ортогонализации | улук окутуучу Н.С. Саливанова |
Секциянын жыйынтыгы боюнча МК(б)-1-23 тайпасынын студенти Джарматова Нурзида «Математика – жасалма интеллекттин мээси» аттуу баяндамасы үчүн эң жогорку баага татып, I орунду ээледи. Анын илимий жетекчиси – ф.-м.и.к., доцент Г.М. Борбоева. Жеңүүчү диплом жана баалуу белек менен сыйланды.
```html
XII Эл аралык студенттик илимий конференция
2025-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин аспирантура жана докторантура бөлүмү тарабынан уюштурулган «Студент жана илимий-техникалык прогресс» аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференция болуп өттү. Конференцияга 510100 – Математика билим берүү багытынын магистранттары жана студенттери өздөрүнүн бекитилген илимий темалары боюнча жогорку деңгээлдеги баяндамаларды жасашты.
Илимий иштердин жетекчилери катары ф.-м.и.д., профессор Г. Матиева, ф.-м.и.к., доцент Г.М. Борбоева жана ф.-м.и.к., доцент М.Ш. Мамаюсупов катышып, жаш изилдөөчүлөрдүн илимий иштерине колдоо көрсөтүштү.
Өткөрүлгөн жери: ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту, 331-аудитория.
Модератор: ф.-м.и.к., доцент Камбарова Айсалкын Даминова.
Катчы: окутуучу Жеңишбек кызы Бегимай.
Баяндамачылардын тизмеси
| № | Аты-жөнү | Тема | Илимий жетекчи |
|---|---|---|---|
| 1 | Анорбоева Урингул Равшанбек кызы | Евклиддик мейкиндиктеги бет үчүн Дюпендин индикатрисасы | Г. Матиева |
| 2 | Жанарбек кызы Гүлназик | Тегиздиктеги айрым фракталдардын жардамында мейкиндик фракталдын 3D моделин түзүү | Г. Матиева |
| 3 | Матанова Гүлжамал Асылбековна | Экинчи тартиптеги беттердин түркүмдөргө ажыралышы | Г. Матиева |
| 4 | Махаматсабыр кызы Максуда | Евклиддик мейкиндикти бөлүктөп чагылтуудагы бөлүштүрүүлөрдүн түгөйүнүн каазикошмок сызыктары | Г. Матиева |
| 5 | Медетбек кызы Наргиза | Евклиддик мейкиндиктеги беттин кыймылдын реперинин деривациондук формулалары | Г. Матиева |
| 6 | Абдижапар кызы Бактыгул | Евклиддик мейкиндиктеги бет үчүн Дюпендин индикатрисасы | Г. Матиева |
| 7 | Адилжанова Сурайё | Убактылуу катарларды талдоодогу машиналык окутуунун ыкмалары | А.А. Акматов |
| 8 | Мамараимова Ферузахон Абдухалимовна | Жогорку математикадагы асимптотикалык методдор | М.Ш. Мамаюсупов |
| 9 | Айбекова Нурия Айбековна | Фракталдар жана алардын колдонулуштары | Г.М. Борбоева |
| 10 | Дусматов Мансурбек Мавлонбек уулу | Планиметриядагы түшүнүктөрдүн n-ченемдүү мейкиндиктеги аналогдору | Г.М. Борбоева |
| 11 | Ибираим кызы Батма | Кватерниондор жана мейкиндикти буруулар | Г.М. Борбоева |
| 12 | Сейталы кызы Мираида | N-ченемдүү евклиддик мейкиндикте кубдардын жана шарлардын кээ бир касиеттери | Г.М. Борбоева |
Конференция жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө, алардын изилдөө иштеринин жыйынтыктарын кеңири илимий коомчулукка таанытууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түздү.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышуу
2026-жылдын 24-апрелинде алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы Борбоева Г.М., окутуучу Омурзакова Г.А. жана МК(б)-1-23 тайпасынын эки студенти Өзбекстандын Наманган мамлекеттик педагогикалык институтунда өткөрүлгөн «Педагогикалык билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуунун артыкчылыктары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.
Конференциянын пленардык жыйынында доцент Борбоева Г.М. «Использование искусственного интеллекта в развитии критического мышления студентов-математиков» темасында баяндама жасап, математика адистигиндеги студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири маалымат берди.
Ошондой эле студенттер:
- Калыбек кызы Айкөл – «Применение ИИ в обучении математике»;
- Джарматова Нурзида – «Математика – это мозг искусственного интеллекта».
Студенттер өздөрүнүн илимий докладдарын ийгиликтүү сунуштап, конференциянын катышуучуларына арналган сертификаттар менен сыйланышты. Ошондой эле аталган темалар боюнча даярдалган илимий макалалары конференциянын материалдар жыйнагында жарык көрдү.











