2028-2029

STEM ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕ ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ!

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин майрамдык маанайын көтөрүү, алардын талантын, чыгармачылыгын жана жөндөмдөрүн даңазалоо, ошондой эле студенттик жашоонун өзгөчө баалуулуктарын көрсөтүү болду.
Эл аралык студенттер күнүндө сыйлоо аземи Эл аралык студенттер күнүндө сыйлоо аземи

ИКД циклынын командалары Спартакиадада I орунду багындырышты!

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө Спартакиадада волейбол боюнча ийгилик жараткан ИКД циклынын окутуучулары жана студенттери да сыйланышты.

Мелдеште ИКД циклынын окутуучулары жана студент балдардан түзүлгөн эркектер командасы, ошондой эле окутуучу эжекелер жана студент кыздардан түзүлгөн кыз-келиндер командасы ийгиликтүү оюн көрсөтүп, эки команда тең I орунду ээлешти.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Эл аралык студенттер күнүнө арналган майрамдык иш-чаранын алкагында өткөрүлүп, командаларга жеңиштери үчүн дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.

Бул жетишкендик ИКД циклынын жамаатынын ынтымагын, биримдигин жана спортко болгон кызыгуусун дагы бир жолу далилдеди. Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан аркы иштерине ийгилик, жаңы жеңиштерди каалайбыз!

Эл аралык студенттер күнүндө сыйлоо аземи Эл аралык студенттер күнүндө сыйлоо аземи Эл аралык студенттер күнүндө сыйлоо аземи


Бүгүн, ОшМУнун STEM-инновациялык колледжинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата “Кылым карыткан эне тил – технология доорунда” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты – мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу, жаштарды эне тилди урматтоого, улуттук баалуулуктарды сактоого жана заманбап технологиялар менен айкалыштырып өнүктүрүүгө үндөө.
Салтанаттуу иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору, п.и.к, доцент Мастура Сайпидиновна, STEM-инновациялык колледжинин директору, ф.и.к, доцент Бегайым Кенжематовна, тилдер жана гуманитардык дисциплиналар ПЦКсынын төрайымы, ф.и.к. Таалайкан Жумабаевналар сөз сүйлөп, мамлекеттик тилдин коомдогу орду, жаш муундун тилге болгон жоопкерчилиги жана улуттук баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгү тууралуу өз ойлорун билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан кыргыз элинин маданий мурастары эскерилип, комуз күүлөрү, манас айтуучулук өнөр, улуттук бийлер, көркөм окуулар көрүүчүлөргө тартууланып, эне тил менен улуттук маданияттын ажырагыс байланышы көрсөтүлдү. Салтанаттуу иш-чара STEM-инновациялык колледжинин тилдер жана гуманитардык дисциплиналар ПЦКсы тарабынан уюштурулду.