2022-2023
1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнү. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат.
Бул күнгө карата STEM колледжинин ПИЭс9-4-22(р) тайпасынын студенттери ОшМУнун башкы корпусунда “ОшМУнун студенттери сергек жашоо үчүн” бир айлыгынын алкагында уюштурулган сүрөт көргөзмөгө күбө болушту. Ошондой эле, ВИЧ-СПИДдин алдын алуу, коргонуу жолдору боюнча маалыматтарга ээ болушту.
Азыр медицинада ВИЧ инфекциясынын үч жол менен жугаары белгилүү.Алар: кан аркылуу, жыныстык жол менен, энеден балага. Кыргызстанда акыркы жылдары жыныстык жол аркылуу инфекцияны жуктургандардын саны көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү 20-39 жаш курагындагы жарандар.ВИЧ инфекциясын алып жүргөн адам менен бир бөлмөдө жашоо,бирдей идиш-аяк колдонуу,чогуу бассейнге түшүү,саламдашуу,кучакташуу таптакыр коркунучтуу эмес.


2022-жыл

28-апрель 2022-жылы ОшМУнун башкы имаратында эшиктер күнү өттү. Кесипке багыт берүү максатында уюштурулган иш-чарага Түштүк аймагына караштуу район облустарындагы жана Ош шаарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрү, ата-энелер катышты. Информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклынын окутуучулары келген конокторго АСОИУ жана Колдонмо информатика (тармактар боюнча) адистиктери боюнча маалымат берип, көргөзмөлөрдү көргөзүштү


Техникалык адистиктер бөлүмүндө 13-сентябрь программистер күнүнө карата “Бүгүнкү билим-эртенки технология” деген аталыштагы иш чара болуп өттү. Иш чарадага окутуучулар, студенттер жана колледждин бүтүрүүчүлөрү катышты. Иш чараныны жүрүшүндө студенттер арасында “Эмне үчүн IT адистигин тандадым” деген аталышта видео конкурсу жыйынтыкталып женүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.


Индустриалдык-педагогикалык колледжинде Артыкчылыктуу адистер жана кесиптер фестивалы болуп өттү. Фестивалга студенттер, окуучулар, ата-энелер, бүтүрүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр катышты.


Индустриалдык-педагогикалык колледжинин New stars курама командасы ОшМУнун факультеттери жана колледждер арасында өткөрүлгөн "Тамашоу 2022" конкурсунда 1-орунду ээлеп ректордун кубогуна жана 15000 сом акчалай сыйлыкка ээ болду


ИКД циклынын окутуучусу Молдалиева Жазгүл эжекебиз бүгүн,,Основы экономической теории,, предметинен ,,ЗНАТОКИ ЭКОНОМИКИ,, аттуу Интеллектуалдык оюн уюштуруп, студенттердин билимин текшерүү максатында класстан сырткары иш чара өткөрдү.


ИКД циклында эмгектенип жаткан биздин сулуу жана ажарлуу айымдар! Майрамыныздар кут болсун! Ааламдагы бардык жакшылыктарды каалайбыз! Дайыма бар болуңуздар, ишиңиздерге ийгилик!