КМШга - 35 жыл: тарыхы, бүгүнкүсү жана келечеги
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин КМШнын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата тематикалык сабактарды жана лекцияларды өткөрүү боюнча тапшырмасын аткаруунун алкагында, 2026-жылдын 22-октябрында Ош мамлекеттик университетинде тематикалык лекция өткөрүлдү.
Тактап айтканда, "Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология» кафедрасынын" улук окутуучусу Тагайбекова Айнура Алибаевна медицина факультетинин студенттери үчүн 306-аудиторияда «КМШга – 35 жыл: тарыхы, бүгүнкүсү жана келечеги» деген темада лекция окуду.
Лекциянын жүрүшүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлүү тарыхы, калыптануу этаптары жана бүгүнкү күндөгү эл аралык мамилелер системасындагы орду тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле Шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий кызматташтык, мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоо жана аймактык интеграцияны өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Иш-чара студенттердин КМШнын тарыхы, учурдагы ишмердүүлүгү жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу билимдерин тереңдетүүгө багытталды.