Илимий баяндамаларды угуу беш секцияда жүргүзүлдү. Жалпы беш секцияда 39 баяндама пландаштырылган. Анын ичинен Энергетика секциясында 8 баяндама угулду.
Окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, илимий багыттагы ишмердүүлүгү, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультетинин студенти 2012-жылдын май айында М.Калатбековго жана 2016-жылы октябрь айында Д.Алымырзаевга Президенттик Үмүт стипендиясы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев тарабынан ыйгарылды. Профессор С.Каримовдун стипендиясына ЭС-08 группасынын студенти З.Эркиналиев татыктуу болду.
