профессордук-окутуучулук курамы, илимий-изилдөө багыттары
Учурда лицейде 27 мугалим эмгектенүүдө. Алардын курамында 4 КРдин «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси, 6 илимдин магистри бар. Лицейдин жамааты өзүнүн алдына төмөнкү милдеттерди коюп келет:
- Окуучулардын биология жана химия предметтери боюнча билим сапатын жогорку деңгээлге жеткирүү;
- Англис жана кытай тилдерин тереңдетип окутуу;
- Компьютердик сабаттуулугун арттыруу,
- Адеп-ахлактык маданиятын калыптандыруу процессинде окутуунун алдыңкы, эффективдүү усулдарын колдонуу. Мугалимдер өздөрүнүн тажрыйбалык жумуштарын лицейден сынактан өткөрүшөт. Бир нече семинарларга катышышып, атайын сертификаттарга ээ болушкан. Окутуунун жаңы технологиялары боюнча бири-бири менен тажрыйба алмашып турушат. Бир нече методикалык китептерди, практикалык жумуштар үчүн дептерлерди даярдашкан.