Кафедранын тарбиялык иштери
Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасы
Тарбиялык ишмердүүлүк
Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасы дайыма студенттер менен биргеликте тарбиялык иштерди жана абитуриенттер менен кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келет. Кафедрада билим берүү процесси адистерди даярдоонун ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.
Бул процесс студенттин инсандык сапаттарын, социалдык адаптациясын жана кесипкөйлүгүн ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган.
Тарбия иштеринин негизги милдеттери
Студенттердин чыгармачылык, интеллектуалдык жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн өнүктүрүү, эстетикалык жана руханий-адеп-ахлактык тарбия берүү, сергек жашоо образын пропагандалоо, студенттик өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жана студенттердин бош убактысын туура уюштуруу тарбия иштеринин негизги багыттары болуп саналат.
Ошондой эле студенттердин демилгелерин колдоо, тарбия иштерин уюштуруу жана көзөмөлдөө кафедранын маанилүү милдеттеринин бири болуп эсептелет.
Студенттер менен жолугушуулар
Окутуучулар мезгил-мезгили менен студенттер менен “тегерек столдорду”, дискуссияларды, дебаттарды, суроо-жооп кечелерин жана иш берүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүп турушат. Бул иш-чаралар студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга жана алардын кесиптик багыт алуусуна жардам берет.
Патриоттук жана жарандык тарбия
Кафедранын жамааты студенттерди эмгекчилдикке, мекенчилдикке, жарандык жоопкерчиликке жана патриоттук сезимге тарбиялоого өзгөчө көңүл бурат.
Студент жаштарды тарбиялоо Кыргыз мамлекетин өнүктүрүүдө маанилүү иш болуп эсептелет. Келечектеги коомду түзүү бүгүнкү жаштарга кандай билим жана тарбия берилгенине түздөн-түз байланыштуу.
Ошондуктан жогорку окуу жайынын негизги милдеттеринин бири – студенттерди кесипкөйлүккө гана эмес, ошондой эле Мекенин, улутун жана мамлекеттик тилин сүйгөн патриот инсан катары калыптандыруу болуп саналат.
Тарых факультетинин тарбиялык иштери
Урматтуу студент достор!!!
Студент жаштарды тарбиялоо – Кыргыз мамлекетин өнүктүрүүдө маанилүү иш болуп эсептелет. Келечектеги коомду түзүү - бүгүнкү жаштарга кандай билим, таалим-тарбия бергенибизден көз каранды. Бирок ал адистин ички адеп-ахлактык жүрүм-туруму, гуманисттик жан дүйнөсү, Ата Мекенине болгон сүйүүсү, дүйнөгө болгон көз карашы, турмуштагы тутунган принциптери кандай болот? Ошондуктан билим алып жаткан ар бир студентти белгилүү бир кесипке ээ кылып гана тим болбостон, Мекенин, улутун, мамлекеттик тилин сүйгөн патриот инсанды калыптандырып чыгаруу да жогорку окуу жайынын негизги милдеттеринин бири. Студент үчүн жогорку окуу жайы билим алуунун гана ордосу эмес, ар тараптуу өсүп жетилүүнүн, инсандык баалуулуктарды өзүнө сиңирүүнүн, интеллигенттүүлүккө, жогорку маданиятка калыптануунун курагы. Университетте системалуу тарбия процессин уюштуруу зарыл жана аны ишке ашыруу ЖОЖдо эмгектенген ар бир профессордук-окутуучулук курамдын кесиптик милдети болуп эсептелет. Тарбия иши өз алдына студенттерди жогорку жарандуулук, моралдык-нравалык, эстетикалык, дене жана психологиялык жактан жетилген, коомдун социалдык жана педагогикалык талаптарына ылайык келген жүрүм-турумга үйрөтүүнү максат кылат.
Тарых факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары, т.и.к., доцент Шаанов Т.М.











