ОшМУнун окутуучу-профессордук курамынын жана башка жумушчуларынын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдагы №18 «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шартын киргизүү жөнүндөгү» жана 23.08.2011-жылдагы № 489 “Социалдык чөйрөдө эмгектенген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдардын кызматтык окладдарын бекитүү жөнүндө” токтомдору боюнча төлөнүп келе жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25-март 2002-жылдагы №161 “Өзгөчө кырдаалдарда колдонулуучу эмгек акы жөнүндө” токтомунун негизинде айрым категориядагы кызматкерлерге ден соолукка зыян келтирүүчү иш орундары үчүн кошумча төлөмдөр төлөнүп жатат.
Окумуштуулук даражасы үчүн кошумча төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 4-июнь, 2006-жылдагы №492 «Окумуштуулук даражасы үчүн кошумча акы төлөмдөрдү белгилөө жөнүндөгү» токтомунун негизинде илимдин докторлоруна – 600 сом, илимдин кандидаттарына – 300 сом өлчөмүндө төлөнөт.
Кыргыз Республикасынын 30-апрель, 2003-жылдагы №92 «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык стажы үчүн кошумча акы төлөп берүү жөнүндөгү көрсөтмөсүнүн негизинде стаж үчүн кошумча акы 5 жылдан жогору – 10%, 10 жылдан жогору – 20%, 15 жылдан жогорку стаж үчүн – 30% төлөнөт.
Материалдык стимулдаштыруу жана ОшМУнун окутуучу-профессордук курамы жана башка категориядагы кызматкерлердин кызыкчылыктарын көтөрүү үчүн университеттин администрациясы эмгек акыны жогорулатуу боюнча белгилүү иш чараларды кабыл алып келет.
Маселен, 16.01.2007-жылы №13 буйрук менен, атайын каражаттардын эсебинен илимдин кандидаттарына кошумча – 1720 сом, илимдин докторлоруна – 2440 сом айына белгиленген, 02.04.2007-жылы №88, § 3-буйругу менен материалдык стимулдаштыруу коэффициенти киргизилген жана башка бир топ чаралар көрүлгөн, алар эмгек акынын туруктуу өсүшүн камсыз кылган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 13.09.2011-жылдагы №545 «Маалымат, искусство жана маданият тармагындагы мекемелерде иштеген жумушчулардын иштеген жылдары үчүн үстөк акылары жөнүндөгү» токтомуна ылайык, 2012-жылдын 1-январынан баштап университеттеги китепкана кызматкерлерине үстөк акы төлөнүп берилүүдө. ОшМУнун Административдик Кеңешинин 2012-жылдын 23-январында каралган “Университеттин кызматкерлеринин айлык акылары жөнүндө” деген маселе боюнча кабыл алынган №16 чечимдин негизинде ар түрдүү категориядагы кызматкерлерге атайын каражаттардын эсебинен 2012-жылдын 1-февралынан баштап эмгек акы жогорулатылган.
Административдик Кеңештин 2012-жылдын 24-октябрындагы №9 чечими менен университеттин кызматкерлеринин эмгек акысы экинчи жолу 1-октябрдан баштап төлөндү.
ОшМУнун Административдик Кеңешинин 2014-жылдын 21-январында каралган “Профессордук-окутуучулук курамга, административдик-башкаруу, окуу-көмөкчү персоналдарга кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндө” аттуу маселе боюнча кабыл алынган №15 чечимдин негизинде атайын каражаттардын эсебинен 2014-жылдын 1-февралынан баштап эмгек акы жогорулатылган.
ОшМУнун Администитративдик Кеңешинин 2014-жылдын 14-ноябрында каралган “Профессордук-окутуучулук курамга, админстративдик-башкаруу, окуу-көмөкчү, административдик-чарба персоналдарга кошумча эмгек акы төлөп берүү жөнүндө” деген маселе боюнча кабыл алынган №11 чечимдин негизинде атайын каражаттардын эсебинен 2014-жылдын 1-ноябрынан баштап эмгек акы көбөйтүлгөн. 2014-жылда кошумча акы төмөндөгүдөй өлчөмдө төлөнүп берилген: I. Кошумча эмгек акы төлөөнүн өлчөмү
1.1. Окутуучу-профессордук курамга
|
|
| | |
|
||||
|
илимдин доктору, профессордук аттестат |
|
| |
илимдин доктору, доценттик аттестат |
|
|
||
илимдин доктору, профессордук жана доценттик аттестатсыз |
|
|
||
илимдин кандитаты, профессордук аттестат |
|
|
||
илимдин кандитаты, доценттик аттестат |
|
|
||
окумуштуулук даражасыз, профессордук аттестат |
|
|
||
окумуштуулук даражасыз, доценттик аттестат |
|
|
||
окумуштуулук даражасыз, доценттик аттестатсыз |
|
|
||
|
илимдин доктору, доценттик аттестат |
|
|
|
илимдин доктору, доценттик аттестатсыз |
|
|
||
илимдин кандитаты, доценттик аттестат |
|
|
||
илимдин кандитаты, доценттик аттестатсыз |
|
|
||
окумуштуулук даражасыз, доценттик аттестат |
|
|
||
окумуштуулук даражасыз, доценттик аттестатсыз |
|
|
||
|
илимдин доктору |
|
|
|
илимдин кандитаты |
|
|
||
окумуштуулук даражасыз |
|
|
||
|
илимдин кандитаты |
|
|
|
окумуштуулук даражасыз |
|
|
||
|
|
|
2012-жылдын 23-январындагы №16 чечим (2012-жылдын 1-февралынан баштап):
- Административдик-башкаруу кызматкерлерине – 600 сом
- Окуу көмөкчү-кызматкерлерине – 600 сом
- Административдик-чарба кызматкерлерине (кенже-тейлөөчү кызматкерлерден башкасына) – 600 сом.
2012-жылдын 2-октябрындагы №9 чечим (2012-жылдын 1-октябрынан баштап):
- Административдик-башкаруу кызматкерлерине – 600 сом
- Окуу көмөкчү-кызматкерлерине – 600 сом
- Административдик-чарба кызматкерлерине – 600 сом
- Кенже-тейлөөчү кызматкерлерине – 300 сом.
- Декандар, окуу жайлардын директорлоруна – 1000-5000 сомго чейин
- Декандардын жана директорлордун орун басарларына – 1100-1600 сом
- Кафедра башчыларына – 1000 сом
- Тайпанын кураторлоруна – 200 сом
- Усулдук кеңеш башчыларына – 500 сом
- Практика башчыларына – 500 сом
2014-жылдын 21-январындагы №15 чечим (2014-жылдын 1-февралынан):
• Административдик-башкаруу персоналдарга: Ректор, проректор, директорлорго, бөлүм башчыларына – кызмат окладдарына кошумча акы – 50%, калган кызматкерлерге кошумча акы – 40%.
• Окуу-көмөкчү персоналдарга – кошумча акы кызмат окладдарына – 20%.
2014-жылдын 14-ноябрындагы №11 чечим (2014-жылдын 1-ноябрынан):
• Админстративдик-башкаруу персоналдарга: ректор, проректор, директорлорго, бөлүм башчыларына – 3500 сом
директор, бөлүм башчылар, башкы адис, юрист, окумуштуу катчы, жетектөөчү адис, бухгалтерлер, инженер-программисттер, библиотека башчылар ж.б.у.с. кызматкерлерге – 2500 сом
• Окуу-көмөкчү персоналдарга – кошумча акы – 1000 сом
• Административдик-чарба персоналдарга: начальник, бөлүм башчыларына – 1500 сом, калган кызматкерлерге – 1000 сом.
II. Декандар, окуу жайлардын директорлору жана алардын орун басарларына, кафедра башчыларына, кураторлорго, усулдук кеңештин төрагаларына, практика башчыларына төлөнүүчү кошумча акынын өлчөмү.
2.1. Декандарга жана директорлорго
Студенттердин саны |
Сом |
500гө чейин |
1000 |
1000ге чейин |
2000 |
2000ге чейин |
3000 |
3000ге чейин |
4000 |
3000ден жогору |
5000 |
Аталышы |
Сом |
Окуу иштери боюнча |
1100 |
Сырттан окуу боюнча |
1100 |
Тарбия жана контракт иштери боюнча* |
1600 |
Илимий иштер боюнча |
500 |
Диограмма №3
ОшМУда 2014-жылы атайын эсептен факты боюнча 272244,6 миң сом айлык акы эсептелген. Төмөндөгү диаграммада көрсөтүлгөндөй, анын ичинен 6,3% АБП, 6,7% АЧП, 5,7% ОКП, 81,2% ОПКнын ал эми 0,8% эмгек келишимдин негизинде убактылуу иштегендердин айлык акысы үчүн эсептелген.
Айлык акынын түзүлүшү
Диограмма №4
Орточо айлык акы
Аталышы |
2009-2010 |
2010-2011 |
2011-2012 |
2012-2013 |
2013-2014 |
АБП (АУП) |
7476 |
7539 |
8550 |
9961 |
11084 |
ОПК (ППС) |
7471 |
7510 |
8740 |
9970 |
11716 |
ОКП (УВП) |
4331 |
4884 |
5405 |
5792 |
8135 |
АЧП (АХЧ) |
3539 |
4092 |
4232 |
4521 |
5432 |