15-сентябрь күнү мамлекеттик тил күнүнө карата ОшМУнун теология факультетинин студенттери тарабынан "Тил өмүрү - эл өмүрү" аттуу чыгармачылык кече өткөрүлдү. Кечеге ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Т.Жороев жана мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Ф.Алиева катышты.
7-9-июнь күндөрү ОшМУнун мамлекеттик тил борборунун жетекчиси М.Нурмаматова жана мамлекеттик тил кафедрасынынн окутуучулары З.Абдышова, Ж.Айтибаевалар тарабынан Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жооптуу Эркайым Маматкаримовнанын чакыруусу менен шаардагы мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерден мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча кеп ишмердүүлүгүнүн төрт түрүн камтыган тестирлөө жүргүзүлдү. Иш чара уюшкандыкта өтүп катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө ар тараптуу камкордук көрүлүп, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндөгү Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча программасы элибиздин алдына көптөгөн милдеттерди коет.
Ош мамлекеттик университети да бул саамалыкты жылуу кабыл алып, өз алдына бир топ иш-чараларды пландаштырды. Планда ЖОЖдордун, атайын кесиптик окуу жайлардын, мектептердин улуттук тайпаларына, ошондой эле мекеме-ишканалардын кызматкерлерине мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча окуу-усулдук колдонмолорду чыгаруу, мекеме-ишканалардын кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү жана баштоочу тил билбеген тайпаларга тил үйрөнүү курстарын ачуу, мамлекеттик тил жана улутту таанытуучу улуттук дөөлөттөр боюнча автордук семинарларды уюштуруу сыяктуу маселелер каралган.
Мекеме-ишканаларга мамлекеттик тилде иш жүргүзүүнү окутуу
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын 2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы да мамлекеттик тилди ар тараптуу өнүктүрүүгө өбөлгө болду.
Ош мамлекеттик университети мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө бир топ саамалыкты иш жүзүнө ашырып жатат. Алсак, окуу жайдын базасында Ош облустук жана Ош шаардык мекеме-ишканалардын кызматкерлерине мамлекеттик тилди акысыз окутуу боюнча курстар ачылды. Акысыз курстардын жумушчу программалары атайын отурумда талкууланды жана жактырылган окуу программалары өндүрүшкө сунушталды.
Бүгүнкү күндө Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил борборунда бир нече мекеме-ишканалардын кызматкерлери мамлекеттик тил курстарында билим алып жатышат. Окутуу үч бөлүмгө бөлүнгөн, улантуучу тайпаларга

Окуу-усулдук колдонмолорду, окуу китептерин түзүү – бүгүнкү күндүн талабы
Баарыбызга белгилүү болгондой, мектептерге, бала бакчаларга мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча окуу китептеринин, окуу-усулдук колдонмолордун жетишсиздиги, тил үйрөтүүгө бөгөт болот. Андыктан, бул маселени да колго алуу максатында окутуучулар атайын колдонмолорду, окуу китептерин түзүү аракетинде. Бүгүнкү күндө окуу жайдын мамлекеттик тил кафедрасынын улук окутуучусу З.Каразакованын “Балдар бакчасынын орус, өзбек тайпаларынын улантуучу топторуна кыргыз (мамлекеттик) тилин үйрөтүү” деген окуу куралы пайдаланууга берилип, бала бакчалардын мамлекеттик тилди окуткан мугалимдерине бир топ түйшүктү жеңилдетти десек жаңылышпайбыз.
Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин ф.и.к., доценти К.Нармырзаеванын “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” окуу-методикалык комплекси мекеме-ишканалардын кызматкерлерине, ЖОЖдордун студенттерине жана аспирант-изденүүчүлөргө пайдаланууга берилди, ал эми ф.и.к., доцент М.Кошуеванын “Мамлекеттик тилдеги иш кагаздарынын негиздери” аттуу окуу куралы мектеп окуучуларына жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн сунушталды. Ошондой эле мамлекеттик тил кафедрасынын улук окутуучусу А. Орозбаева тарабынан баштоочу тайпадагы студенттер үчүн, улук окутуучу Б.Байтикова жана окутуучулар Г. Мамадыева, Н. Темировалар улантуучу жана кыргыз тайпалар үчүн “Кыргыз тили” окуу китеби даярдалып, учурда кыргыз тилин өздөштүрүүгө чоң жардам берип жаткан окуу куралдарынан болуп эсептелет.
Мамлекеттик тилдин келечеги - студент-жаштардын колунда
Ош мамлекеттик университетинде студенттердин патриоттук демин көтөрүү, мамлекеттик тил аркылуу эли-жерин сүйүү, улуттар арасында ынтымактын тили экендигин даңазалоо боюнча иш-чаралар байма-бай өткөрүлөт. Университеттин бардык факультеттеринде “Мамлекеттик тил-жалпы улуттук кенч”, “Мамлекеттик тил- кыргыз элинин паспорту”, “Тилиң - дилиң”, “Тил тагдыры-эл тагдыры” ж.б.у.с. сыяктуу темаларда адабий-музыкалуу кечелер, диспуттар, талкуулар, төгөрөк столдордун өтүшү студенттердин өз мекенинин тилин сүйүүгө, патриот болууга үндөй турган иш-чаралардан.
Ооба, бул сөздө калет жок. Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тилге, адабиятка, “Манаска” байланышкан кандай гана иш-чаралар болбосун, ал иштер университеттин жетечилиги менен колдоого алынат.
Улуу жазуу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата да “Аалам адабиятынын алпы- Ч. Айтматов” деген аталышта чоң маданий иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара үч айлык алкагында өтүп, Айтматовдун чыгармаларына карата тартылган кинотасмалардын окуу жайдын бардык факультеттеринде, колледждеринде, көрсөтүлүшү, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде “Айтматов таануу” борборунун ачылышы, окуу жайдын башкы имаратынын музейине жана филология факультетине жазуучунун айкелинин коюлушу жана башка ушундай сыяктуу иш-чаралар. “Үч айлыктын алкагында Ош мамлекеттик университети салтанаттуу иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүп, жыйынтыктоо аземин өткөрүп жатат, -дейт өз сөзүндө ОшМУнун ректору, профессор К.Исаков,- Биз студенттерди залкар жазуучунун чыгармаларын кино көрүп же китеп окуу менен эле эмес, анын жалпы адамзат баласына айтайын деген улуу ойлорун түшүндүрүшүбүз абзел. Адам баласынын жан дүйнөсү каржылып, руханий дүйнөбүз жардыланып жатканда, улуу жазуучубуздун бул накыл кептери чоң турмуштук сабак болот деп ойлоймун. Ал эми Ош мамлекеттик университетинде залкар инсандын эстелигинин коюлушу-баарыбыз үчүн сыймык. Анткени, Айтматовго деген жакындык мындан да тереңдеп, байланышыбыз күчөйт, анын чыгармаларына, өзүнө таазим этүү менен айкелдин жанында студенттер сүрөткө түшүшсө деген аруу тилектер менен коюлду”

“Аалам адабиятынын алпы – Ч.Айтматов” айлыгынын жүрүшүндө ОшМУнун бардык түзүмдөрүндө сахналык көрүнүштөрдүн, обондуу ырлардын, монолог, одалардын аткарылышы, ошондой эле, сүрөт, дубал гезиттердин, иллюстрациялардын, китептердин көргөзмөсү жогорку деңгээлде өтүп, бул иш-чарага мыкты катышкандар университеттин, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы, дипломдору, акчалай жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Жогорудагы иш-чаралар менен катар Ош мамлекеттик университети “Айтматовдун ааламы” деген аталышта студенттердин ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрдү. Айтматовдун чыгармаларына илимий ракурс жасалып, студенттер жазуучунун чыгармаларын илимий негизде талдашып, мазмундуу баяндамаларды жасашты.
“Токтогул – айтыш өнөрүнүн феномени” фестивалы жана акынга арналган иш - чаралар
Учурда улуу демократ акын Т. Сатылгановдун 150 жылдыгана карата “Токтогул – айтыш өнөрүнүн феномени” аттуу айтыш фестивалы университеттин бардык түзүмдөрүндө өткөрүлүп жатат. Бул фестивалдын уюштуруучусу окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректору О. Шаимкулов: “Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын өзгөчө пландаштырдык, - дейт өз сөзүндө, - Бул айтыш фестивалына университеттин бардык түзүмдөрүнүн окутуучу-профессордук курамы, студенттер катыша алат жана бул фестиваль сынак иретинде өтүп, катышуучу бир нече айлампадан өтүшү керек.

Ырас, бул иш – чара бардык структураларда (факультеттерде, колледждерде) өткөрүлүп, аткаруучулардын да, көрүүчүлөрдүн искусствого болгон ышкысын ойготту десек жаңылышпайбыз. Анткени, талантуулар эл арасында көп экендигине жана кыргыз элинин урпагы сөз баккан, сөз кадырлаган улуу калк экендигине дагы бир жолу ынандык.
Улуу акынга арналган иш-чаралар муну менен токтоп калбай, университетте илимий - практикалык конференциянын өтүлүшү да октябрь-ноябрь айларына пландаштырылууда.
Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо
Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо концепциясын ишке ашыруу боюнча университетте алгылыктуу иштердин башаты башталды десек жаңылбайбыз. Мамлекеттик тилди үйрөтүү аркылуу башка этностордун тилин сыйлоо принциби башкы орунга коюу менен университеттеги окутуучуларга акысыз тил үйрөнүү окуу курстары ачылды.

ЖОЖ жана мектеп
Кыргыз орфографиясынын кайра-кайра алмашылышы мектептеги сабаттуулуктун өрчүшүнө алып келди. 2008-жылы орфографиялык эрежелер өзгөргөнү менен окуу китептеринин ошол бойдон (албетте, баары эмес) калышы окуучуга да, мугалимге да чар-жайыттыкты туудурду. Жогорудагы маселелерди чечүү максатында окуу жайдын мамлекеттик тил борбору мектеп мугалимдерине семинарларды, усулдук окууларды өткөрүп келет. Ошондой эле, улуттук (өзбек, орус) мектептерине барып, жеринде мугалимдерге иш кагаздарын жүргүзүү боюнча, орфографиянын эрежелери, кеп маданияты боюнча илимий-усулдук кеңештерди берүү менен бир нече жолу төгөрөк столдорду, кеңешмелерди, илимий семинарларды, талкууларды уюштурду.
Мамлекеттик тилди ар тараптуу өнүктүрүү жана ар тараптан өркүндөтүү иш-чаралары токтоп калбай, мындан ары да колго алына бермекчи. Ош мамлекеттик университети мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүнө флагман боло алат жана мамлекеттик тилдин туусун бийик желбиретет деп чоң ишеничте айта алабыз. ***
ОшМУнун факультеттери мамлекеттик тилди жана дүйнө элдеринин тилин даңазалашат
ОшМУ – Кыргызстандагы ЖОЖдордун арасындагы мыкты окуу жайлардын катарын толуктап келет. Алсак, мейли, билим берүүдө болобу, коомдук-тарбиялык иштерде болобу, спортто болобу алгылыктуу орундарда. Окуу жай жаш муундун ар тараптуу билим алуусуна, интеллектинин өсүүсүнө кам көрөт.
Быйылкы окуу жылы да көптөгөн жакшы саамалыктар менен коштолду. ОшМУнун факультетттеринин окутуучу-профессордук курамына мамлекеттик тилди окутуу, көп тилдүүлүк боюнча курстар ачылды. Ошондой эле студенттер арасында ар кандай таймаштар, сынактар, маданий иш-чаралар менен коштолду.
Орус филологиясы факультетинин лингвистика кафедрасы да көп тилдүүлүктү өркүндөтүү боюнча “Биз бир асман алдындабыз” аттуу фестиваль өткөрүштү. Фестивалга Ош шаарынын мектептери, окуу жайдын факультеттери катышты. Мында дүйнө элдеринин тили даңазаланып, ыр-бий, күүлөр менен коштолду. Ошондой эле, улуттук кийимдерди, тамак-аштарды даңазалаган көргөзмө уюштурулду. Фестивалдын жыйынтыгы студенттердин асфальт бетине тынчтык, Мекен жөнүндө тарткан сүрөттөрү менен аяктады. Фестивалдын максаты: ар кандай тилде сүйлөсөк да, ар кандай кийинсек да ынтымак жашоого боло тургандыгын чагылдыруу. Бул фестивалды уюштурган лингвистика кафедрасынын башчысы С. Сеитбекова жана доцент Т. Дыйканбаева бул саамалыкты жылда уюштура тургандыгын билдиришти.