Ош МУнун Окумуштуулар Кенешинин чечимине ылайык (Буйрук №937 29.10.2015ж.) магистранттар үчүн тиешелүү предметтер боюнча ОМКнын сапатын жакшыртуу, аларды сайтка жайгаштыруу жана магистранттарга таратылышы боюнча көзөмөлдү күчөтүү иш аракеттери Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология, Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедраларынын кеңешмелеринде каралып, канааттандыраарлык деңгээлде жүргүзүлүүдө. Алар программа жетекчисине, сабак өткөн професоордук –окутуучулук курамга милдеттендирилген. №1126. 10.12.2015ж. буйрукка ылайык 550 400 – “Социалдык-экономикалык билим берүү” багыты боюнча магистрдик программанын алкагында магистратуранын ишин жандандыруу багытында жылдык иш чаралардын планын иштеп чыгарылган жана ал факультеттин Окмуштуулар кеңешинде талкууланып, ОшМУнун магистратура бөлүмүнө тапшырылган. Ал өзүнө компетенциялык, маданий, интеллектуалдык жана тарбиялык жагдайларды камтып турат. №1126 10.12.2015. буйрукка ылайык, 550 400 – “Социалдык-экономикалык билим берүү” багыты боюнча магистрдик программанын негизи болгон КРнын билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын мазмуну билим берүүнүн дүйнөлүк стандартынын мазмунуна шайкеш келгендигин эске алуу менен, эл аралык билим берүү мейкиндигинин алкагында башка ЖОЖдор менен ОшМУнун ортосундагы окуу пландарындагы тиешелүү денгээлде шайкештикке жетишүү жана кызматташуу аркылуу дипломдорду өз ара таануу мобилдүүлүк программасына катышкан магистрлерге эки диплом берүү маселесине жетишүү аракети каралууда. №1126 10.12.2015ж. буйруктун негизинде магистратурада окутуунун дистанттык технологиясын колдонууну кенири жайылтуу боюнча атайын электрондук лекция, тестирлөө иш-чаралары жүргүзүү менен окуу процессиндеги ачыктык жана жеткиликтүүлүк камсыз кылуу максатында интернеттик көзөмөл-маалымдоону жандандыруу аракети көрүлүп, ар бир магистранттын электрондук дареги менен тыгыз байланыш жүргүзүүлүдө. Тарых факультетинин магистранттарына окутуунун дистанттык технологиясын колдонуп, жекече графиктер түзүлдү. №1126 10.12.2015ж. буйруктун негизинде ОшМУнун 550 400 – “Социалдык-экономикалык билим берүү” багытындагы магистранттары тарабынан илимий чөйрөгө социалдык түрдүү тармактарынын өнүгүшүнө реалдуу салым кошо ала турган фундаменталдык жана колдонмо мүнөзгө ээ изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүнө кызыкдар тараптар (стейкхолдерлер) менен бирдикте шарт түзүү жакшыртылууда. Ош, Жалал-Абат, Баткен областтарынын район шаарларындагы ЖОЖдор, орто окуу жайлар, колледждер, мектептер, мектеп-интернаттары жана айыл өкмөттөрү, архивдер менен иштикдүү багыттагы макулдашуулар калыптанган. №1126 10.12.2015ж. буйруктун негизинде магистрдик программалардын алкагында 2015-жылдан баштап квартал сайын чыгуучу “Мурас” аттуу илимий-популярдуу журналга, ай сайын чыгуучу “Рух кенчи” гезитине жазылуу жүргүзүлүп, тарых факультетинин деканатында, Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология, Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу кафедраларында сакталууда. №1126 10.12.2015ж. буйруктун негизинде магистрдик программада билим алгандар үчүн профессордук-окутуучулук курам окуу-методикалык материалдарды өзүнүн тажрыйбасы, көз карашы боюнча түзүүгө, дисциплиналарды, илимий-изилдөө темаларын эркин тандоого, аларды өзүнүн ыкмаларынын негизинде жүргүзүүгө, магистранттын жөндөмдүүлүгүнө, муктаждыгына жана мүмкүнчүлүгүнө ылайык билим алуусуна шарт түзгөн академиялык эркиндик камсыз кылынган. Профессорлор: Т.Д. Кадыров, Ж. Адилбаев, доценттер: С.А. Смадияров, Г.С. Жумашова, А.Т. Султанова, Н.К. Маразыков, А.К. Апышова, Г.Э. Чыныкеева, О. А. Ташмаматов, М.Ш. Султанова, С.К. Осмонова, С.А.Арстановдор илимий багытта магистранттарга окуу жылынын башында магистрдик диссертациялардын темасын атайын тактайчага илип, “эркин тандоо” принцибинде магистрдик диссертациялардын үстүнөн иштөө талаптарын коюшкан. №449 07.03. 2016ж. буйруктун негизинде кесипке багыт берүү багытында атайын социомаданий иш-чаралар уюштурулууда. “Тарых” багыты боюнча магистрдик программанын мазмуну, кесиптик компетенциялардын маңызы чагылдырылган демонстрациялык материялдар, тиешелүү мекеме-уюмдар менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. Мисалы: ОГПИнин, ЖАМУнун “тарых” багыты боюнча бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуулар уюштурулду. №449 07.03. 2016ж. буйруктун негизинде магистрлерди даярдоо багыттары боюнча кыргыз, орус жана англис тилдериндеги маалымат пакеттери эми түзүлүп ОшМУнун сайтына жайгаштырылат жана маалымат тактайчаларын жаңыланып жасалды. Магистратуранын багыттарына алынган лицензияда көрсөтүлгөн “дистанттык окутуунун технологияларын колдонуу менен” деген көрсөтмөнүн негизинде бюджетте окуган педагогикалык багыттарды бүтүрүүчүлөрүнүн арасында on-line режиминде окуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Магистратура программасы боюнча практикалардын жумушчу программаларын ОшМУнун нормативтик документерине ылайык иштелип чыгып факультеттин Окумуштуулар кенешинде кароо сунушталган. Анда социалдык-экономикалык билим берүү багытына ылайык Башкаруучулук, илимий-педагогикалык, илимий изилдөөчүлүк практикаларынын баардык компетенциялары камтылып даярдалган. Магистратуралык программанын сапатын жогорулатуу боюнча ишкана-мекемелердин мектептердин адистеринин (стейхолдерлердин) катышуусу менен практикалардын жумушчу программалары, силлабустар (калыптандыруучу компотенциялар, күтүлүүчү натыйжалар чагылдырылып) ноябрь айында талкууланат жана рецензия жазылат. №1164 19.05. 2016 ж. буйруктун негизинде магистратура программалары боюнча практикаларда магистранттарга, иш берүүчүлөргө (стейхолдерлерге), маалымат жеткирүүнү жакшыртуу максатында ОшМУнун сайтында практикага тиешелүү нормативдик жана методикалык материалдар, жумушчу программалар тез аранын ичинде жайгаштырылат. №1164 19.05. 2016 ж. буйруктун негизинде магистратура программалары боюнча студенттердин практикаларынын сапатын мындан ары жогорулатуу максатында Башкаруучулук, илимий-педагогикалык, илимий изилдөөчүлүк практикалары боюнча жумушчу программаларды, силлабустарды (калыптандыруучу компетенцияларын, күтүлүүчү натыйжаларын чагылдырып) иштеп чыгуу кафедраларга милдеттендирилип, алгачкы варианты түзүлдү жана аны талкуулап бекитүү маселеси каралууда.
ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин 2018-жылдын 10-январындагы “Магистрдик программалардын сапаты, окутуунун натыйжаларынын так аныкталуусу жана ББПнын максаттары менен дал келүүсүнө анализ” деген маселеге карата тарых факультетинин магистратура бөлүмүнүн “социалдык-экономикалык билим берүү” багытын Окумуштуулар кеңешинин чечимдеринин аткарылышы тууралуу МААЛЫМАТ 1. Cоциалдык-экономикалык билим берүү багыты боюнча НББПны кайрадан толуктооллр менен түзүүдө, максаттарын жана окутуунун натыйжаларын (ОН) так аныктоодо факультеттеги профессордук-окутуучулук курамдын, эксперттердин, жумуш берүүчүлөрдүн, магистранттардын сунуш пикирлери толугу менен эске алынып, эмгек рыногунун талаптарын кенен жана ар тараптуу карап, факультеттин Окумуштуулар кеңешинде бекитилүүгө сунушталды. 2. Cоциалдык-экономикалык билим берүү багыты боюнча окутуунун натыйжаларынын так негизинен так аныкталган, 5 окутуунун натыйжасынан жана кошумча 2 окутуунун натыйжасынан турат. ББПнын максаттары менен дал келүүсү терең анализделип, атайын таблицада көрсөтүлгөн. Компетенциялар матрицасы менен профессордук-окутуучулук курамдын жумушчу окуу пландарынгы дисциплиналардын компетенциялар картасы менен шайкеш келүүсүнө жумушчу топтор тарабынан кеңири анализ жүргүзүлүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Калыптандыруучу компетенцияларды тандоодо дыкат анализ жүргүзүү керек экендиги белгиленди 3. Cоциалдык-экономикалык билим берүү багыты боюнча НББПга Жетиген мектеп гимназиясынын соцпедагогу Мурзаев Сүйүнаалыга карап реценция алуу үчүн тапшырылды. профессордук-окутуучулук курамдын ар биринин ОМКларына ички, тышкы рецензияларды камсыздоо тапшырмасы берилди. Практикалардын программаларына ички, тышкы рецензиялар тиешелүү иш берүүчүлдөрдөн алынды. 4. Магистратура программаларынын жумушчу окуу пландарындагы дисциплиналардын ОМКлары ОшМУнун нормативдик-укуктук документтеринин талаптарына ылайык Дүйнөлүк цивилизациялардын тарыхы (туруктуу өнүгүүнүн контекстинде), Персоналдарды башкаруу жана конфликтология, Илимий изилдөөнүн усулдары жана усулияты, Кыргызстандын тарыхынын актуалдуу маселелери, Дүйнөлүк тарыхтын негизги суроолору, Коомдук кыймылдардын тарыхы, Борбордук Азиянын тарыхы (байыркы жана орто кылым), Кыргызстандагы архив иштери, Илимдин жана билим берүүнүн көйгөйлөрү, Түрк элдеринин тарыхы, Жогорку билим берүүнүн технологиясы, Философиялык билим берүүнүн проблемалары, Көчмңн цивилизациянын проблемалары, Ишкердик баарлашуу, Менеджмент маркетинг жана экономикалык билим берүү, Кыргызстан тарыхынын булактык жана тарыхнаамалык проблемалары, Билим берүү жараянынын башкаруунун укуктук негиздери, СЭОну жогорку мектептерде окутуунун азыркы теориялык жана методикалык маселелери деген дициплиналары боюнча кайрадан толукталып иштелип чыгылсын. 5. Магистранттардын практикаларын жана илимий-изилдөө иштерин эффективдүү уюштуруу үчүн илимий лабораториялардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-аракеттер башталды.