Новости

Тарых бөлүмү
шМУнун тарых жана социалдык иштер факультетинин профессору Кадыров Т.Д. жана улук окутуучулар В. Алтымышова, У. Тилекова "Кыргыз урууларынын таралуу ареалы′ эл аралык долбоорунун алкагында коңшу Өзбекстан Республикасына барып келишти. Иш сапардын жүрүшүндө Анжиян облусунун Кыргыз улуттук-маданий борборунун башчысы Носиров О. менен жолугуп, областтын ичинде кыргыздар жайгашкан райондор жана айылдар менен таанышып, жакынкы күндөрдө долбоорду ишке ашыруу боюнча аткарыла турган иш чаралардын пландары жана перспективалары жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле Жалал Кудук районунун Кутлуг айылындагы N 73, N 43 кыргыз тилдүү мектептеринин жамааты менен жолугуп, мугалимдер жана окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышышты. .Буйруса жакынкы күндөрдө Өзбекстандагы кыргыздардын тарыхын, социалдык, маданий өнүгүүсүн ар тараптуу изилдөө максатында эл аралык долбоор өз ишин баштайт.


      Тарых жана социалдык иштер факультети ордендүү Ош мамлекеттик университетинин курамындагы бай тарыхка ээ факультеттерден. Ал университет менен жашташ. 1939-жылы Ош шаарында Мугалимдер институту ачылганда, анын курамында тарых адистиги да түзүлгөн. Бул аралыкта факультет өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармактары үчүн миңдеген жогорку билимдүү тарыхчы мугалимдерди, илимпоздорду даярдап чыгарды. 2019-жылдан тартып, "чыгыш таануу жана африканистика" кафедрасы факультеттин курамына кошулуп, азыркы күндө чыгыш таануу жана тарых факультети чыгыш элдеринин тили, маданияты жана тарыхый билим берүү ишмердиги менен кенен масштабдагы илимий изилдөө иштерин айкалыштырып, өнүгүп жаткан заманбап факультет. Учурда чыгыш таануу жана тарых факультети жогорку квалификациялуу адистерин даярдоочу окуу-усулдук жана илимий-педагогикалык борбор болуп саналат.
      3000 жылдык тарыхы бар Ош шаарында, кылымдарды карыткан Ак-Буура дарыясынын жээгинде, ыйык Сулайман тоонун таманында жайгашкан ордендүү Ош мамлекеттик университетинин чыгыш таануу жана тарых факультетинде окуп, тарыхый билим алып, өлкөбүздүн, коомубуздун гүлдөп өнүгүүсүнө олуттуу жана жигердүү салым кошууну кааласаңыз, анда, Ош мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык иштер факультетине кош келиңиздер!
     

Сиздерди терең урматтоо менен, т.и.к., доцент Арстанов С.А.