Бүткүл адамзат коомунда прогрессивдүү өзгөрүүлөрдүн ишке ашышынын негизи бул жаштарга заманбап сапаттуу билим берүү менен бирге көз ирмем сайын жаңылыктарды жараткан маалымат технологиясын талапка ылайык терең өздөштүрүүсүнө жетишүү болуп саналат. Ал эми коомубуздун өнүгүүсүн, экономикасын прогноздоодо жана оптималдуу чечимдерди табууда б.а. математикалык моделдерди түзүүдө математика илимин терең өздөштүрүүнү жана сапаттуу билим алуу заманыбыздын талабы. Математика жана маалыматтар технологиясы факультетинин миссиясы КРнын эл чарбасынын бардык тараптан өнүгүүсүнө салымын кошо турган эртеңки күндүн лидерлерин, алдыңкы саптагы информациялык технологиялар жана системалар, экономика, математика адистиктери боюнча жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо болуп эсептелет.
Өлкөбүздүн келечеги болгон жүрөгүндө жалыны бар, Эгемендүү Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салым кошууга даяр болгон патриот УЛАН-КЫЗДАР үчүн ОшМУнун, анын ичинде Математика жана информациялык технологиялар факультетинин эшиги дайыма ачык!
Урматтоо менен, У.А. Сопуев “Математика жана информациялык технологиялар” факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент.