Chair of Methods of Teaching English
Кафедранын тарыхы өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан башталат. Алгач кенже курстарды тейлеген англис тили кафедрасы деп аталып методика боюнча лекциялык курстар, практикалык сабактар, педагогикалык практиканы уюштуруу жана жетектөө мурдагыдай эле англис тили кафедрасынын иш алкагында калган, ага жаш окумуштуу-методист В.Т.Ковальчук жетекчилик кылган. 1978-жылы чет тилдерди окутуунун методикасы кафедрасы болуп түзүлүп, анын башчылыгына п.и.к, доцент А.Н. Лисс шайланат. Бул көрүнүктүү методисттин жетекчилиги астында чет тили окутуучуларын даярдоо өңүтүндө бир кыйла алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Адистик боюнча окуу пландары өркүндөтүлүп, окуу программаларынын мазмуну бир кыйла жакшыртылды. Методика боюнча атайын курстар, семинарлар уюштурулду, жыл бою өтүлө турган тынымсыз педпрактика жүзөгө ашырылды. Кафедраны Г.Г. Имамутдинова, В.Т. Ковальчук, Е.Д. Соркина, Е.М. Коростышевская, А.С.Краснова, С. Абдугулов, А.Н. Лисс, А.А.Анарбаев аттуу окумуштуулар кафедранын өнүгүшүнө зор салымын кошуп жетектеп келишти. Азыркы учурда окутуучулар кафедранын регистрациялык картасында бекитилген «Чет тилдерин окутуунун методикасынын негизги проблемалары » деген тема боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Окутуучулар университетте, республикада жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүп жаткан илимий-усулдук конференцияларда баяндамаларын презентация жасап, активдүү катышууда. Ушул мезгил ичинде кафедра мүчөлөрүнүн макалалары ар кандай басылмаларда жарык коруудо.Атап айтсак,Scopus,Web of Science,бир канча эл аралык журналдар жана ОшМУнун «ОшМУнун жарчысы» журналдары. Кафедранын окутуучулары өздөрүнүн изилдөө иштери боюнча макалаларды, окуу-усулдук колдонмолорду чыгарышып, айрымдары окуу-усулдук колдонмо катары студенттерге жана мектеп окуучуларына сунуш кылынган. Бүгүнкү күндө кафедра 550300 – «Филологиялык билим берүү» багыты боюнча болочок англис тили мугалимдерин даярдоого салым кошуп келет. Кафедранын ишмердүүлүгүндө англис тилин окутуунун методикасы, педагогикалык практика, оозеки жана жазуу кебинин практикуму, заманбап билим берүү технологиялары жана студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү багыттары маанилүү орунду ээлейт. 2025-2026- окуу жылынан тартып, кафедраны ф.и.к.,доцент З.А. Калмаматова жетектеп келет. Кафедранын жамааты билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана мектептер менен байланыштарды чыңдоо багытында иш алып барууда.



Кафедранын тарыхы өткөн кылымдын алтымышынчы жылдарынан башталат. Алгач кенже курстарды тейлеген англис тили кафедрасы деп аталып методика боюнча лекциялык курстар, практикалык сабактар, педагогикалык практиканы уюштуруу жана жетектөө мурдагыдай эле англис тили кафедрасынын иш алкагында калган, ага жаш окумуштуу-методист В.Т.Ковальчук жетекчилик кылган. 1978-жылы чет тилдерди окутуунун методикасы кафедрасы болуп түзүлүп, анын башчылыгына п.и.к, доцент А.Н. Лисс шайланат. Бул көрүнүктүү методисттин жетекчилиги астында чет тили окутуучуларын даярдоо өңүтүндө бир кыйла алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Адистик боюнча окуу пландары өркүндөтүлүп, окуу программаларынын мазмуну бир кыйла жакшыртылды. Методика боюнча атайын курстар, семинарлар уюштурулду, жыл бою өтүлө турган тынымсыз педпрактика жүзөгө ашырылды. Кафедраны Г.Г. Имамутдинова, В.Т. Ковальчук, Е.Д. Соркина, Е.М. Коростышевская, А.С.Краснова, С. Абдугулов, А.Н. Лисс, Б.К.Койлубаева, А.А.Анарбаев аттуу окумуштуулар кафедранын өнүгүшүнө зор салымын кошуп жетектеп келишти. 2022-жылдын Июнь айынан бери ф.и.к., доцент Д. Б. Суркеева жетектеп келүүдө. Англис тилин окутуунун усулу кафедрасынын башкы максаты – студенттерди профессионалдык жактан калыптандыруу. Ошондуктан кафедрада англис тили окутуучуларын усулдук өңүттө даярдоо боюнча комплекстүү система иштеп чыгылган. Кафедрага англис тили бөлүмүнүн тайпаларынын бардык курстарында студенттеринин усулдук гана эмес, лингвистикалык даярдыгын, кеп маданиятынын деңгээлин жогорулатуу боюнча да жооптуу милдеттер жүктөлгөн. Азыркы учурда окутуучулар кафедранын регистрациялык картасында бекитилген «Англис тили мугалиминин кесиптик компетенттүүлүгү боюнча окуу процессин рационализациялоо» деген тема боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө. Окутуучулар университетте, республикада жана чет өлкөлөрдө өткөрүлүп жаткан илимий-усулдук конференцияларда баяндамаларын презентация жасап активдүү катышууда. 2017-окуу жылында кафедра мүчөлөрүнүн 9 макаласы жарыкка чыкты. Анын ичинен 2 макала АКШда «Young scientist» (Жаш окумуштуу) журналына, 5 макала Андижан мамлекеттик университетинин илимий журналында жана 2 макала ОшМУнун «ОшМУнун жарчысы» журналында жарык көрдү. Кафедрадагы окумуштуулар РИНЦке катталган. Web of Science, Scopus илимий сайттарына катталууга аракеттер жүрүүдө. Кафедранын окутуучулары өздөрүнүн изилдөө иштери боюнча макалаларды, окуу-усулдук колдонмолорду басмадан чыгарышкан. Алардын иштеринин айрымдары окуу-усулдук колдонмо катары студенттерге жана мектеп окуучуларына сунуш кылынган.