1. АНГЛИС ФИЛОЛОГИЯСЫ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ
Дүйнөлүк тилдер факультетинин Англис филологиясы кафедрасы өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу 1994-жылдын апрель айында түзүлгөн. Кафедранын биринчи башчысы болуп филология илимдеринин кандидаты, доцент Ш. В. Мараш-Оглы дайындалган.
1997-жылдын сентябрынан 2006-жылга чейин кафедраны улук окутуучу С. Б. Алымкулова башкарган. 2007-жылдан 2017-жылга чейин кафедраны кайрадан филология илимдеринин кандидаты, доцент Ш. В. Мараш-Оглы жетектеген. 2017-жылдан 2025-жылга чейин жетекчилик милдетти филология илимдеринин кандидаты, доцент Т. Б. Кабылов аркалаган. Ошол мезгилде кафедрада 24 кызматкер эмгектенген, алардын ичинен: 2 доцент, 6 улук окутуучу, 15 окутуучу жана 1 лаборант.

Учурда кафедраны филология илимдеринин кандидаты, доцент Абдикаримова Малика Нишанбаевна жетектеп келет.












