Англис тилинин практикалык курсу кафедрасы 1965-жылы факультеттер аралык кафедра катары түзүлгөн. Кафедра түзүлгөн күндөн тартып жогорку окуу жайлары үчүн окутуучуларды даярдоого жана республиканын мектептеринде чет тилдерди окутууну өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүргүзүп келген.Жыл сайын кафедранын курамы жаңы кадрлар менен толукталып, илимий даражасы бар окутуучулардын, доценттердин жана улук окутуучулардын саны көбөйгөн. Кафедранын түптөлүшүнө академик Ж.Ж. Жусаев, доцент А.И. Ибраев, профессор А.А. Анарбаев, профессор А.П. Назаров жана улук окутуучу Л.М. Устянчук чоң салым кошушкан. Алар кафедранын алгачкы жетекчилери жана кызматкерлери катары эмгектенишкен. 1972-жылдан баштап профессор А.А. Анарбаев кафедраны жетектеген. Андан кийин профессор А.П. Назаров кафедра башчысы болуп иштеген. Тажрыйбалуу педагог Ч. Мамытова 2001-жылга чейин кафедраны башкарган. 2001–2017-окуу жылынан тартып кафедра башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Сыдыкова Толгонай Мирзахмедовна жетектеген. 2018-2025-окуу жылдарында педагогика илимдеринин кандидаты, доцент К.Т. Дуванаева жетектеген.
Бул жылдары кафедра бай тажрыйба топтоп, илимий-методикалык потенциалын өнүктүргөн. Кафедранын кийинки өнүгүшүнө жогоруда аталган инсандар өздөрүнүн татыктуу салымдарын кошушкан.2007-жылы кафедра Дүйнөлүк тилдер факультетинин курамына киргизилип, англис тилинин практикалык курсу кафедрасы катары ишмердүүлүгүн уланткан. 2007–2008-окуу жылында ОшМУнун алдыңкы кафедраларынын бири катары таанылган. Жыл өткөн сайын кафедранын илимий потенциалы жогорулап, анда эмгектенген окутуучулар илимий иштерин ийгиликтүү коргошкон.
2023-жылдын 25-сентябрындагы №4511-фхд/23 буйругунун негизинде кафедра «Факультеттер аралык чет тилдер» кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.
2025-жылы кафедра башчысы болуп доцент Тыныбекова Ч.А. шайланган. Жаңы жетекчинин жетекчилиги алдында кафедранын окуу-методикалык иштерин өркүндөтүүгө, илимий потенциалын жогорулатууга, окутуунун заманбап технологияларын киргизүүгө жана билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө факультеттер аралык чет тилдер кафедрасында кандидат наук, – 3, доцент - 4 улук окутуучу – 9, магистр – 5, окутуучу -13 эмгектенишет
















