News

Physics and technical faculty
                  
Энергетика кафедрасынын студенттери 2025-жылдын 01-04-апрель күндөрү Кыргызстандагы ири ГЭСтерде экскурсияда болушту

      Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун окуу планына ылайык Энергетика каедрасынын кафедра башчысы, доцент З.Ш. Айдарбеков, ага окутуучулар Б.Р. Досонов, А.М. Жороев, окутуучу Ж.А. Жумакуловдор жана 640200- “Электроэнергетика жана электротехника” багыты боюнча бакалавриат программасында окуган II, III жана IV курстун студенттери өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикасына эки этап менен ОшМУнун № 1494-ФХД/25 25.03.2025 буйругунун негизинде, аталган практикалар учурунда Кыргызстандын ири ГЭСтеринин (Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери), ОРУ-500кВ жана 500 кВ “Датка” подстанциясынын түзүлүшү жана иштөө принцибин студенттерге көргөзүү жана практика жүзүндө үйрөтүү максатында 2025-жылдын 01-04-апрель күндөрү экскурсия уюштурулду.
      Студенттер үчүн пайдалуу болду. Теориялык жактан алган билимдерин практика жүзүндө бышыктап, таанышып кайтышты.
      Экскурсия учурунда Токтогул ГЭСтери каскадынын башкы инженери Артыков Т.К. жана Таш-Көмүр ГЭСтери каскадынын директору А.А. Камчыбековдор жылуу тосуп алып, азыркы учурда энергетика тармагына билимдүү, кесипкөй адистер керек жана иштейм деген студенттер болсо эшигибиз ачык деп барган студенттерди кубандырды.



                                    ФОТОБАЯН
















                               Урматтуу жаш талапкер!        
Айылдан баштап, ааламга чейинки жолго, физиканын закондоруна таянып, канаттуудай сызган техниканын жардамы менен жетериңиз - замандын талабы.

      Физиканы билбей туруп, тамактын жасалышынын сырларын, компьютердин иштөөсүн, жарыктын жаралышын жана алыска таралышын, техниканын өнүгүүсүн, жаратылыштагы күчтөрдүн өз ара байланыштар билүүгө болбойт.

Физика менен техника прогресстин өзөгү.
Бул экөөсү болбосо, коомубуз алга өсөбү.

      Бул кесипти аздектеп, анын баркына жетип, ат көтөргүс жүктү аркалаган катардагы мугалимден баштап, эчендеген илимпоздор, коомдук ишмерлер, депутаттар, генералдар, журналисттер, эл мугалимдери, илим менен билимдин эмгек сиңирген ишмерлери мамлекетибиздин өнүп өсүшүнө өз салымдарын кошуп, кадыр-баркка ээ болуп эмгектенип келе жатат. Алар менен ар бирибиз, Кыргыз эли сыймыктанат.
      Адистерди даярдоо үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн, б. а. жетишерлик деңгээлдеги окумуштуулук даражасы бар профессордук окутуучулук курам, заманбап окуу лабораториялар, окуу куралдары, окуу-усулдук колдонмолор, мультимедиалык кааналар, электрондук доскалар жана окуу процессин жакшыртуучу каражаттар менен жабдылып, мезгили менен жаңыланып, жакшыртылып турат.
      75 жылдык тарыхы бар, атагы алыска, даңкы далайга кеткен ардактуу аксакалдардын жолун улап, эгемендүү Кыргызстандын келечегин колго алып, татыктуу улантуучу УЛАН-КЫЗДАРды ОшМУга анын ичинде физика-техника факультетине чакырабыз, Сиздер үчүн биздин эшик дайыма ачык.
Келечектин физик-академиги, энергетиги, байланышчысы, транспорт генералы ОшМУда даярдалат.

Сиздерди терең урматтоо менен, физика-техника факультетинин деканы, т.и.к., доцент З.Ш. Айдарбеков