«Кара-Кулжа» гимназиясы Ош мамлекеттик университетинин ректорунун демилгеси менен 2018-жылдын 26-майындагы № 438- буйругунун негизинде ачылган.
«Кара-Кулжа» гимназиясы – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык окуу-тарбия процессин жүргүзѳт. Базистик окуу пландан сырткары ийрим сабактарында кыргыз тили , орус тили, англис тили тереңдетилип окутулат. Кошумча математика, биология, химия предметтери боюнча ЖРТ га даярдоо жүргүзүлөт.
Мамлекеттик программадагы окуу предметтеринен сырткары кытай тили, түрк тили окутулат.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, 8-класстан окуучуларды кабыл алат. Гимназия окутуу процессин бекитилген атайын жобого таянып жүргүзѳт.
Гимназияда тарбия улуттук мүнөзгө ээ. Окуучулар ата-бабалардын салтын, үрп-адатын, бай тарыхын, маданиятын,баалуулуктарын үйрөнүшүп, заманбап жүрүм-турум этикетин, маданиятын өздөштүрүшөт. Кыргыздын Мырза жигитине жана Кыз айымына мүнөздүү сапаттарга тарбияланышат. Ал төмөнкү багытта жүргүзүлөт:
1.Үй-бүлө жана ага байланышкан салттар.
2.Улуу-кичүү тарбиясы.
3.Кыргыз маданиятынын үлгүлөрү.
4.Адеп, ыйман.
5.Эл таануу.