Письмо от Андижанского института сельского хозяйство и агротехнологий
Академическая мобильность ППС_2024-2025
Академиялык мобилдүүлүк 2024-2025

2022-жылдын 3-4-ноябрь күндөрү Ош мамлекеттик университети менен Өзбекстан Республикасынын Наманган инженер-курулуш институтунун ортосунда билим жана билим берүү тармагынын бардык чөйрөсүндө кызматташуу максатында, ошондой эле "Курулуш технологиясы" факультетинин студенттерине "Автоматтык башкаруу теориясы" жана "Информациялык системалардын интерфейстерин проектирлөө" дисциплинасы боюнча лекциялык сабак өтүү үчүн Информациялык системалар жана программалоо кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доценти Токторбаев Айбек Мамадалиевич, ушул эле кафедранын ф.-м.и.к., доценти Сактанов Улукбек Абдисаматович жана т.и.к., доценти Көчкөнбаева Бүажар Осмоналиевна Наманган шаарына иш сапарына барышты. Иш сапардын негизинде Информациялык системалар жана технологиялар адистигине биргелешкен билим берүү, кош дипломдуулук боюнча программаларды ачуу жана тажрыйба алмашуу боюнча бир топ сөздөр болду жана Эрасмус + менен биргеликте иштеген магистратурага кошулганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан сырткары өтүлгөн лекциялык сабактардан Наманган инженер-курулуш институтунун ректору Ш.Т. Эргашевден сертификаттарга ээ болуп кайтышты.












