Ал эми биздин окуу жайдагы комсомол комитети 1951- жылы Ош пединституту түзүлгөндөн тартып өз ишмердүүлугүн жүргүзө баштаган.
1992- жылы комсомол комитетинин ордуна студенттик сенат түзүлүп иштей баштады. 1992- жылы Ош мамлекеттик университети болуп кайра уюшулганда студенттик сенат кайра сакталып калды. КРнын Президентинин 2000- жылы 10- декабрдагы жаштар иштери боюнча указына ылайык, Ош мамлекеттик университетинин студенттик сенаты жаштар камитети болуп кайрадан түзүлүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган.
Азыркы учурда жаштар комитети студенттер менен жетекчилерди тыгыз байланыштырган миссияны аркалап, студенттердин кадыр-барктуу уюму катары иш алып барууда.
ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагалары:
2000- 2002- ж.ж. Аскаров Замирбек
2002- 2004- ж.ж. Абдыкадыров Санжар
2004- 2005- ж.ж.Алымбаев Алайбек
2005- 2006- ж.ж. Калмаматов Бакытбек
2006- 2009- ж.ж. Абдрахманов Оенбек
2009- ж.март айынан декабрь айына чейин- Арстанов Сабыркул
2009- 2010- ж.ж. Досматов Камчыбек
2010- 2011- ж.ж. Ибрагим уулу Аскатбек
2011- ж. февраль айынан август айына чейин- Тургунбаев Артур
2011- 2013- ж.ж. Маликов Алтынбек
2013- жылдын октябрь айынан баштап Абылкасым уулу Канатбек жетектеп келүүдө.