Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен кафедрасында 12.12.2023 күнү жумушка жаны орношкон Жаныбай уулу Амантур 2 пара учурунда ст 10-21 А тайпасына кафедранын м.а. Пакыров Ж.К., Сапат департаментинин инспектору Джумабаева Д.С., МД ОМС тораймы Турсунбаева А.Т. катышуусунда ачык сабак өттү. Сабак кызыктуу өтүп, теория бөлүгүндө суроо-жооп, тест болуп өттү. Практика бөлүгүндө студенттер командаларга бөлүнүп бир кичи команда тигүү ыкмасын, экинчи кичи команда видеографта диагностиканы үйрөнүштү. Студенттер активдүү болушту. Ачык сабакка катышкан агай, эжекелер оң комментарийлерди айтып кетти.
НАШ ДРУЖНЫЙ КОЛЛЕКТИВ
Бугун Ош Медициналык окуу жайынын Стоматология кафедрасында Ишембилик болуп отту. Ишембиликке кафедранын жамааты студенттер менен биргеликте толук катышышып, имараттын ар бир канааларын, каридорлорду жана короону тазалоо иштерин жургузушту.
Медицина факультетинин Хирургиялык жана курактык стоматология кафедрасынын окутуучусу Курманбеков Нурсултан Осмонкулович "Оптимизация регенерация костного дефекта после удаления ретенированных зубов челюстей" деген темада кафедралар арасындагы апробациясы болуп отту. Илимий жетекчи профессор Ешиев Абдракман Молдолиевич.