History

Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасы

Коом тарабынан мектепке чейинки, башталгыч билим берүүгө коюлган талаптарды турмушка ашыруу максатында 1980-жылы ОшПИнин ректораты тарабынан "Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы" кафедрасы ОМПИнин масштабындагы педагогика кафедрасынын курамынан бөлүнүп, өзгөчө структуралык кафедра катары уюштурулган. Кафедра музыкалык-педагогикалык факультетинин базасында уюштурулуп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларын жана башталгыч класстын мугалимдерин кесиптик жактан даярдоону ишке ашырып келет.

Алгач 1980-1985-жылдары кафедра башчылык кызматта кыргыз элдик педагогикасынын изилдөөчүсү, көрүнүктүү окумуштуу, п.и.к., доцент Ормонов Талип Ормонович үзүрлүү эмгектенип, кафедранын андан ары өркүндөп өсүшүнө зор салым кошкон. Андан соң кафедраны 1985-1995-жылдары п.и.к., доцент У.Д. Дуйшеева, 1995-2001-жылдары п.и.к., доцент Р.П. Анаркулов, 2002-2009-жылдары п.и.к., доцент А.И. Исаев, 2009-2010-жж. п.и.к., доцент А.Б. Батыралиев жетектеп келишкен. 2010-жылдын ноябрь айынан 2025-жылдын 21-январына чейин п.и.к., доцент М.Д. Бабаев кафедра башчысы кызматын аткарган. 2025-жылдын январь айынан 27-июнуна чейин К.У. Алиева кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген. Азыркы күндө кафедра башчысы болуп педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Асаналиева Мээргүл Максуталиевна жетектеп келүүдө.

Профессордук окутуучулук жамаат:

Учурда кафедрада жогорку квалификациядагы окутуучулар эмгектенишет. Алсак, бир илимдин доктору (Б.К. Укуева), алты илимдин кандидаты (Б.Б. Муратбаев, А. Закиров, М.Д. Бабаев, К.У. Алиева, Г.А. Өмурзакова, М.М. Асаналиева), бир улук окутуучу (А.Т. Джаркинбаева) жана үч окутуучу (С.З. Азимова, М.С. Асанова жана М.Н. Мырзабекова), бир лаборант (А.Т. Жоошбаева) эмгектенип келишүүдө.

Кафедрадагы даярдоочу багыттар:

1. 550700 Педагогика. Тармагы: "Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы". Академиялык даражасы - бакалавр, окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү - 4 жыл, сырттан окуу - 5 жыл.

2. 550700 Педагогика. Тармагы: "Мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, логопедия". Академиялык даражасы - бакалавр, окуу мөөнөтү жана формасы: күндүзгү - 4 жыл, сырттан окуу - 5 жыл.

Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана психологиясы кафедрасы бакалавриат жана магистратура багыты боюнча педагогика, искусство жана журналистика институтунун "Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, логопедия" адистиктерине бүтүрүүчү кафедра болуп эсептелет. Ал институттун структурасында окутуунун заманбап стратегияларын ишке ашыруучу жана кубаттуу кадрдык потенциалга ээ болгон бүтүрүүчү кафедра катары алдыңкы орунда турат. Педагогикалык жана психологиялык проблемаларды изилдөөнүн ата мекендик жана чет өлкөлүк мыкты тажрыйбаларын өздөштүрүү, чыгармачылыкты стимулдаштыруу, өз алдынча ой жүгүртүү, педагогикалык жана психологиялык инновациялар менен айкалыштыруу - бул кафедранын студенттерди даярдоодогу кредосу.

Кафедранын илимий-изилдөө иштери:

Кафедрадагы Б.Б. Муратбаев, М.М. Асаналиева, М.Д. Бабаев, К.У. Алиева докторлук диссертацияларынын, А.Т. Джаркинбаева, С.З. Азимова, М.С. Асанова жана М.Н. Мырзабековалар кандидаттык диссертацияларынын үстүндө эмгектенип келишүүдө. Кафедрада студенттер үчүн окуу китептери жана окуу-методикалык колдонмолору даярдалып, басмадан чыгаруу иштери тынымсыз болуп турат. Кафедранын мүчөлөрү тарабынан даярдалган илимий макалалар эл аралык деңгээлдеги рецензияланган журналдарда жарыяланып, Scopus маалымат базасына киргизилген. Ошондой эле кафедра ар дайым жаш илимпоздорду колдоого алып, алардын илимий жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурат. Бул багытта жетишилген ийгиликтердин бири катары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган “Жылдын мыкты жаш окумуштуусу – 2024” конкурсунун жеңүүчүсү М.М. Асаналиеванын жетишкендигин белгилеп кетүүгө болот.

Окутуу процессинде алдыңкы маалыматтык технологиялар, педагогика жана психологиянын фундаменталдуу билимдери, көптөгөн илимий адабияттар, практикалык сабактарды методикалык камсыздоо жана семинардык сабактарда ой жүгүртүүнү активдештирүүчү инновациялык ыкмалар колдонулат.