2. Студенттин окуу ишмердүүлүгүнүн негизги түрлөрү төмөнкүлөр:
- электрондук окуу китептеги лекциялык материалды тьютордон консультация алуу менен өз алдынча окуп-үйрөнүүсү;
- тесттерди аткаруу (алыстатылган режимде, автоматташтырылган түрдө);
- жазма текшерүү иштерин аткаруу (тьюторго электрондук түрдө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт);
- семинарларга катышуу (форумдардагы электрондук дискуссиялар).
3. Студенттин текшерүү иш-чараларын аткаргандыгынын жыйынтыгы боюнча тьютор 5 баллдык система боюнча баа коёт.
4. Курсту өздөштүрүүсү боюнча жыйынтык баа аралык текшерүү иштерине жана жыйынтыктоочу (зачеттук жана экзамендик) тапшырмаларды аткаруусуна коюлган баалардын негизинде коюлат.
Дистанттык технологияларды пайдаланып окутууну тандоого көмөктөшүүчү негизги факторлордун ичинен төмөнкүлөрдү өзгөчө бөлүп көрсөтүүгө болот:
• Эмгек ишмердүүлүгүнөн ажыратылбастан же дайыма жашаган жерин алмаштырбастан туруп Интернет -окууну өтүү мүмкүнчүлүгү;
• Сабакка келүү үчүн жумуш графигин өзгөртүү же күнүмдүк жумуштарын токтото туруу зарылдыгынын жоктугу; • Интернет-окууну ийгиликтүү өтүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү минималдык гана шарттардын болушу: окуу материалдарын алуу жана окутуучу-тьюьорлордон кеңеш алуу үчүн глобалдык тармакка туташтырылган компьютердин үйүндө же жумушунда бар болушу.