
Бириккен профсоюз комитети өз ишин факультеттердеги, бөлүмдөрдөгү атайын шайланган бюро мүчөлөрү аркылуу жүргүзөт.
ОшМУда эмгектенген жумушчулар жана окуган студенттер бириккен профсоюз комитетине мүчө болуу укугуна ээ. Ал үчүн бириккен профсоюз комитетинин кабинетинен, же факультеттердеги профсоюз комитетинин мүчөлөрүнөн арыз үлгүсүн алып, аны толтуруу гана жетиштүү.
2015-жылдын 7-февралында Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин Президиумунун кенейтилген отуруму болуп өттү. Кун тартибиндеги өткөн 2015-жылдагы профсоюз комитетинде аткарылган жалпы жана финасылык иштер боюнча төрага, доцент А.Аккулов жана башкы эсепчи Э.Рысалиевдер кенири маалымат беришти.Ошондой эле 2016-жылга карата профкомдун иш планы жана бюджеттик сметасы талкууланып, сунуштарды эске алуу менен бекитилди.