Отделение интеграции туркоязычных стран
Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү
Бөлүм башчы

Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмү

Бөлүм башчы: Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Орозов Максатбек Омурбекович

Бөлүм заманбап санариптик, инженердик жана математикалык билим берүүнү өнүктүрүп, эл аралык интеграцияга багытталган сапаттуу адистерди даярдайт.

Ош мамлекеттик университети

Билим берүү программалары

710400 – Программалык инженерия (бакалавр)

Билим берүү программасынын жетекчиси — Физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Орозов Максатбек Омурбекович

Эксперименталдык-Математика жана компьютердик илимдер (бакалавр)

Билим берүү программасынын жетекчиси — ф.-м.и.д., профессор Турсунов Д.А.

Максаты жана миссиясы

Максаты

Боордош өлкөлөрдүн университеттеринин моделин жана заманбап таалим-тарбия берүү стандарттарын колдонуп, мамлекетибиздин жогорку окуу жайларына үлгү боло турган системаны куруу жана квалификациялуу адистерге болгон керектөөнү канааттандыруу.

Миссиясы

Дүйнөлүк интеграция процессинде алдыңкы багытта жүргөн, санариптештирүү технологияларын өндүрүштө жана билим берүүдө колдоно алган заманбап адистерди даярдоо.

Программдык инженерия

Окутуунун багыты салттуу үчилтикке — методдорго, куралдарга, технологияларга негизделген жөнөкөй кол өнөрчүдөн илимге жана өндүрүшкө чейинки программалоонун эволюциясын чагылдырат.

Программдык инженерия – бул математикалык моделдерге гана эмес, илимдин башка тармактарына да таянуу менен ар кандай татаалдыктагы алгоритмдерди жана компьютердик программаларды иштеп чыккан адис болуп саналат.

Тарбиялык иштер программанын күнүмдүк иш-аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналат, ал ар кандай максаттагы иш-чаралар менен мүнөздөлөт: куратордук сааттар, сынактар, КВН, талкуулар, кызыктуу адамдар менен жолугушуулар, кайрымдуулук акциялары ж.б.

Бизде

  • Математика: логикалык, жогорку, дискреттик
  • Информатика: базалык информатика, программалоо тилдери, компьютер архитектурасы, операциялык системалар, телекоммуникация жана тармактар
  • Компьютердик жана телефонго программаларды, сайттарды, оюндарды түзүүнү үйрөтөт
  • HTML, CSS, PHP, JavaScript, Python-Django
  • MySQL, SQL Server, Oracle

Практика өтөө мүмкүнчүлүктөрү

Биздин студенттер практикасын төмөнкү ишканаларда өтөсө болот:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде
  • Банктарда
  • Шаардык мекемелерде

Келечектеги кесиптер

  • Программист
  • Программалык камсыздоо дизайнери
  • Программалык камсыздоо системасынын инженери
  • Программаны тестирлөө боюнча адис
  • Программалык камсыздоо жана маалыматтык системаны иштеп чыгуу боюнча адис
  • Программалык камсыздоо адиси
  • Программалык камсыздоону башкаруу боюнча адис
  • Маалымат системасын башкаруу боюнча адис
  • Системанын архитектору
  • Системалык программист

Материалдык-техникалык базасы

  • Окуу-методикалык материалдардын электрондук варианттары даярдалып сайтка жүктөлгөн
  • Internet тармагына туташкан 3 компьютердик лаборатория колдонулат
  • 50 даана компьютер бар
  • Студенттердин креативдик лабораториясы иштейт
  • Проектор, түстүү принтер, 2 электрондук доска, 3D-принтер жана робототехника каражаттары бар
Бардык компьютерлер локалдык тармакка биригип, университеттин интернет борбору аркылуу дүйнөлүк интернет тармагына акысыз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Эл аралык байланышы

  • Кош диплом алуу мүмкүнчүлүгү
  • Эки мамлекетте тең иштөө мүмкүнчүлүгү
  • Түркиядан келген окутуучулар аркылуу түрк тилин үйрөнүшөт
  • Түркия, Россия жана Кыргызстандык жогорку даражадагы мугалимдер сабак өтүшөт
  • Түркияда жана Россияда магистратура, докторантурада окуу мүмкүнчүлүгү бар
  • MEVLANA, ERASMUS MUNDUS+ сыяктуу программалар аркылуу академиялык мобилдүүлүк бар
  • Кошумча чет тилдерин өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар
  • Эл аралык конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүгү бар

Ишмердүүлүгү

  • Негизги билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
  • Фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү
  • Жогорку билимдүү кесиптик билими бар адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу
  • Кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу
  • Лицензиялык жана аккредитациялык талаптарга ылайык билим берүү программаларын жүргүзүү

Илимий багыты

  • Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу
  • Санариптештирүү технологияларын өндүрүштө жана билим берүү тармагында колдонуу
  • Инженердик жана техникалык проектирлөөдө компьютердик моделдештирүүнү колдонуу

Илимий жана тажрыйба алмашуу байланыштары

  • Түркиянын Кастамону жана Sivas Cumhuriyet университеттери
  • Россиянын Түштүк-Урал мамлекеттик университети
  • Өзбекстандын жана Казакстандын алдыңкы университеттери

Дизайн жаңыртылып, блоктор борборго туура келтирилди.