(жобо 2008-жылдын 27-августунда ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин №1 жыйынында бекитилген)
Жалпы бөлүк
Ош мамлекеттик университетинин акыйкатчы аппараты 2007-жылы 10-декабрда түзүлгөн.
ОшМУнун акыйкатчы аппараты университеттин тарбия департаментинин структуралык бөлүмү болуп эсептелинет.
Акыйкатчы аппаратынын толук аты:
• Кыргыз тилинде: Ош мамлекеттик университетинин студенттик акыйкатчы аппараты1-берене. Максаты
• Орус тилинде: Аппарат студенческого Омбудсмена Ошского государственного университета
• Жайгашкан жери - ОшМУнун башкы имараты, Ленин көчөсү - 331
- ОшМУнун студенттеринин конституциялык, академиялык укуктарын жана эркиндиктеринин сакталышын камсыз кылуу;2-берене. Акыйкатчы кызматына шайлоо
- Студенттерди укуктук жактан агартуу;
- Мыйзамды так сактоого жана аткарууга тарбиялоо;
- Университетте укуктук мониторинг жүргүзүү;
- ОшМУда билим берүү процессинин өнүгүүсүнө жардам берүү;
- Сессия мезгилинде паракорлукка каршы күрөшүү, бөгөт коюу ж.б.
ОшМУнун акыйкатчысы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, КР Акыйкатчы жөнүндөгү жобосуна, Эл аралык «Адам укугун жана эркиндиктерин коргоо» декларациясына, КР жаштар саясатынын концепциясынын негиздерине, Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына, ОшМУнун Уставына жана ушул жобого ылайык жүргүзөт.
Акыйкатчы кызматынын талапкерлерине коюлуучу талаптар жана аны шайлоо:3-берене. Акыйкатчы кеңеши
1. Акыйкатчы кызматына ОшМУнун 14 жаштан 35 жашка чейинки студенттери, окутуучулары жана аспиранттары шайлана алат.
2. Акыйкатчы ОшМУнун жалпы студенттери, окутуучулары, аспиранттары тарабынан 2 жылдык мөөнөт менен бир жолу шайланат.
3. Талапкерлерди каттоо, шайлоо жана үгүт иштери белгиленген мыйзам тартиби боюнча жүргүзүлөт.
4. Шайлоого шайлоочулар студенттик билет же зачеттук китепчени көрсөтүү аркылуу катыша алышат. Шайлоо бюллетень берүү жолу менен өтөт.
1. ОшМУнун алдыңкы студенттери, университеттин, факультеттин студенттик өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери (жаштар комиттери) ошондой эле кызыккан окутуучулар менен туруктуу мамиледе болуу үчүн ОшМУнун акыйкатчысы зарыл учурларда акыйкатчы кеңешинин алдында жыйын өткөрөт.4-берене. Акыйкатчы аппараты
2. Кеңешке акыйкатчы, анын орун басары жана аппарат мүчөлөрү, факультеттин студенттик өзүн өзү башкаруу (жаштар комитеттери) органдарынын жетекчилери кирет.
3. Кеңештин иши консультативдик мүнөздө болот.
1. Акыйкатчы ОшМУнун ар бир факультетинде студенттердин арасынан бирден студентти өкүл кылып дайындайт жана өзүнө орун басар белгилейт.5-берене. Акыйкатчынын укуктук статусу
2. Акыйкатчы өкүлдөрүнүн милдеттери:
- Акыйкатчы менен студеттердин мамилесин тартипке салуу жана студенттердин эркиндигинин жана укуктарынын сакталышы жөнүндө акыйкатчыга жана анын орун басарына маалымат берүүгө;
- Студенттердин арыз даттанууларын мыйзам деңгээлинде коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүгө;
- Акыйкатчынын жана анын аппаратынын иш-аракеттери жөнүндө факультеттин студенттерине маалымат таратууга;
1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн КРдин Акыйкатчысы, шаардык жана областтык укук коргоо органдары, ОшМУнун ректору, кызмат адамдары, эл аралык мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бир багытта иш алып бара алат.6-берене. Акыйкатчынын ыйгарым укуктары
2. Өз ара аракеттешүү жыйынтыктуу болушу үчүн акыйкатчы жогорудагы эсептелген субьектер менен, биринчи кезекте университеттин ректору менен кызматташтык жөнүндөгү меморандум түзөт.
3. Акыйкатчы өзүнүн келишиминдеги шарттарды аткарбагандыгы далилденгенде ректордун чечими менен иштен бошотулат.
Акыйкатчы төмөнкүлөргө укуктуу:7-берене. Акыйкатчынын укуктарынын кыскарышы
1. ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин жыйындарына катышууга;
2. ОшМУнун жаштар комитеттеринин, факультеттеринин чогулуш жыйындарында болууга;
3. Ректоратка же ректорго билдирүү менен тоскоолдуксуз университеттин имараттарына кирүүгө жана жатаканаларын текшерүүгө;
4. ОшМУнун студенттери, ЖОЖдун иши жөнүндө зарыл маалыматтарды жазуу түрүндө алууга;
5. Эгер студент академиялык жетишпегендиктен окуудан четтетилип жатса, акыйкатчы студенттин билимин кайра текшерүү үчүн ректораттын макулдугу менен альтернативдик комиссия түзүүгө;
6. ОшМУнун студенттерине жатаканадагы орундардын бөлүштүрүүгө катышууга;
7. Кызмат адамдары менен студенттердин эркиндигин жана укуктарынын сакталышын текшерүүгө;
8. Өзүнүн материалдарын, адам укуктарынын жана эркиндигинин идеяларын, өздөрүнүн милдеттеринин ОшМУнун газеталарында пропагандалоого, укуктук бюллетендерди даярдап чыгарууга, ушул эле максат менен радио түйүндөрдү жана телевидениени колдонууга;
9. Мамлекеттик аттестацияга жана кабыл алуу экзамендерине катышууга;
10. Контракт төлөп окуган, жардамга муктаж студенттерге жеңилдик бөлүштүрүү боюнча комиссия ишине катышууга;
11. Акыйкатчы өзүнүн орун басарын, факульттердеги өкүлдөрүн жана башка аппараттын кызматчыларын иштен бошотуу жана дайындоо укугуна ээ.
12. Акыйкатчы өзүнүн мөөнөтүндө өзүнүн укуктарын жана милдеттерин аткара турган орун басарды белгилейт.
1. ОшМУнун акыйкатчысынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда кыскарат:8–берене. Акыйкатчы милдеттүү
- ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө;
- өз каалоосу менен акыйкатчы милдетинен баш тартканда;
- өзүнүн милдетин аткарбаган учурда;
- акыйкатчы аппаратынын кеңешинин 3:2 бөлүгү ишеним көрсөтпөгөндө;
- Соттун чечими менен;
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Эл аралык мыйзам актыларына, учурдагы жобого көз салууга;9-берене. Арыздарды жана нааразычылыктарды кароонун тартиби
2. Акыйкатчы иликтөөнүн, текшерүүнүн жыйынтыгын арыз ээсине билдирүүгө;
3. Студенттердин укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзам деңгээлинде коргоого, аларга жардам берүү үчүн ректоратка жана жогорку инстанцияларга кайрылууга, жардам берүүгө;
4. Студенттердин укуктарынын бузулушун алдын-алууга аракет жасоого;
5. Студент жаштар арасында укуктук тарбия үчүн дебат, дискуссияларды квартал сайын уюштурууга;
6. «Нур» студенттик гезитинин «Акыйкатчы бурчу» рубрикасына укуктук материалдарды, студенттерди укуктук жактан агартуу боюнча кеп-кеңештерди даярдоого;
7. ОшМУнун кызмат адамдары менен тыгыз байланышта иштөөгө;
8. Студенттерди укуктук маалыматтар менен камсыздоого;
9. Студенттерге керектүү болгон маалыматтарды (информациялык, статистикалык ж.б.) тиешелүү органдардан алып берүүгө;
10. Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарды студенттерге жеткирүүгө;
11. Жатаканаларга, ашканаларга жана китепканаларга рейддерди жүргүзүүгө;
12. Кылмыштуулукка, СПИД, наркомания сыяктуу жат көрүнүштөргө каршы реалдуу кадамдарды жасоого;
13. Студенттерге тиешелүү болгон көйгөйлөрдү университеттик деңгээлге чейин көтөрүүгө жана анын чечилишине жардам берүүгө милдеттүү.
1. Укугу чектелип, тепселенген деп эсептелген студент акыйкатчыга изилдеп жардам берүү суранычы менен арыз жаза алат;10-берене. Акыйкатчынын отчету
2. Студенттердин эркиндиги жана укугун коргоо максатында изилдөөнүн жыйынтыктарын ректорго жана башка университеттин кызмат адамдарына, студенттерине 25 күндүк мөөнөттүн ичинде билдирет;
3. Акыйкатчы анонимдүү нааразычылыктарды жана ооз эки арыздарды кабыл албайт;
4. Арызды өз укугу бузулган студент же анын тарабындагылар арыз берүүчүнүн макулдугу менен берсе болот. Нааразычылык тарап укугу бузулгандан, адамдык аброю тепселенген учурдан баштап 6 ай ичинде акыйкатчыга кайрыла алат.
1. Жыл сайын акыйкатчы өзүнүн иши жөнүндө ОшМУнун студенттеринин жыйынында отчет берет.11-берене. Акыйкатчынын ОшМУнун кызмат адамдары менен кызматташышы
2. Отчетто акыйкатчы студенттердин эркиндиги жана укугу бузулган фактыларды эсептеп, аларга кандай чара көрүлгөндүгү жана жардам берилгендиги тууралуу маалымат берет.
3. Зарылчылыкка байланыштуу акыйкатчы өзүнүн атайын отчету менен студенттердин жыйынында, Окумуштуулар Кеңешинде чыга алат.
1. Акыйкатчы жана анын орун басары өзүнүн иликтөөлөрү, текшерүүлөрү боюнча ОшМУнун кызмат адамдары менен тезинен байланыша алат;
2. Акыйкатчы, анын орун басары факультеттерге, жатаканаларга, китепканага, ашканага, компьютердик класстарга кирип, зарыл болгон маалыматтар менен тааныша алат;
3. Керектүү кызматкерлер менен маектешет жана зарыл документтерди изилдей алат;
4. Студенттердин укугун бузган, тепселеген кызмат адамдарын акыйкатчы ректорго, Окумуштуулар Кеңешине жана тиешелүү органдарга билдире алат.