Студент таланттардын “ОшМУ жазы” фестиваль-сынагынын жобосу
I . Фестиваль-сынактын максаты жана милдети:
- Таланттуу студенттерди табуу жана алардын жөндөм-шыктарын өстүрүү, коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү;
- студент жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу;
- студенттик чыгармачыл жамааттын жана топтун үзгүлтүксүз ишин калыптандыруу;
- жаштарды гуманизмге тарбиялоо;
- студенттердин көңүлүн көркөм адабиятка, искусствого буруу;
- улуттук өнөрлөрдү жаштар арасында өнүктүрүү.
II . Фестиваль-сынактын катышуучулары
Университеттик “ОшМУ жазы” фестиваль-сынагына институт, факультеттердеги күндүзгү окуу бөлүмүнүн музыка, театр, фольклор, эстрада, хореография, көркөм окуу ж.б. жанрлар боюнча өзүнүн талантын көрсөтө ала турган каалаган студент катыша алат.
III . Фестиваль-сынакты өткөрүүнүн тартиби
Чыгармачыл студенттердин фестиваль-сынагы эки турда өткөрүлөт. Алгачкы тур факультеттерде өткөрүлөт. II тур биринчи турда тандалып алынган жеңүүчүлөрдүн Гала-концерти менен жыйынтыкталат.
Биринчи тандоо туру
**** -жылдын ***** чейин сынактын бардык түрлөрү боюнча ОшМУнун ар бир институт, факультеттеринде төмөндөгүдөй график менен өткөрүлөт. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр номинациялар боюнча II турга тандалып алынат. I турда жеңилген чыгармачыл топ университеттик деңгээлдеги жыйынтыктоочу II турга катыша албайт.
Экинчи жыйынтыктоочу финалдык тур
Финалдык тур Ош шаарынын Алымбек Датка атындагы эс алуу багында ******* күндөрү өткөрүлөт. Жыйынтыгында фестиваль-сынактын ар бир номинациясы боюнча жеңүүчү командалар, лауреаттар жана дипломанттар сыйланышат.
Сынактын түрлөрү (номинациялар):
а) Фольклордук-этнографиялык жанр:
1. Кыргыз эл эпосторунан үзүндү аткаруу (5 мүнөт);
2. Элдик ыр аткаруу (улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда)(4 мүнөт);
3. Элдик музыкалык аспаптарды ойноо (комуз, кыяк, чоор, ооз комуз ж.б.) (4 мүнөт);
4. Акындык искусство - айтыш, төкмөчүлүк, дастан (5 мүнөт);
б) Автордук ыр:
5. Обондуу ыр (гитара, аккордеон, комуз, эстрада ж.б.коштоосунда аткаруу)(4 мүнөт);
6.Поэзиялык ыр (көркөм окуу);
в) Эстрадалык ырларды аткаруу:
7. Заманбап жаштык ырлары (минусовканы колдонууга уруксат берилет, ырды жандуу үн менен фонограммасыз аткаруу зарыл);
г) Хореографиялык жанр:
8. Кыргыз эл бийлери;
9. Заманбап бийлер;
10. Дүйнө элдеринин бийлери;
д) Драмалык жанр:
11. Кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан эпизод (сценка) көрсөтүү (15 мүнөт);
12. Кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу (4 мүнөт);
е) Көркөм сүрөт өнөрү:
13. Кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм сүрөттөрдү тартуу. Сүрөттөр көргөзмөгө коюуга ылайыкташтырылып тартылуусу зарыл;
ж) Куудулдук өнөр:
14. Турмуштун ар кыл көрүнүштөрүн юморлуу сөздөр, күлкүлүү кыймыл-аракеттер менен жеке номерде көрсөтүү (5 мүнөт);
15. Пародия (буга чейин жарыкка чыккан пародиялар жарабайт)(5 мүнөт).
IV . Катышуучуларды сыйлоо
Фестиваль-сынактын жалпы байге фонду – ***** сом.
- Эң көп талант чыккан жана байгелүү орундарга артыкча жетишкен институт же факультеттер 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланат;
- Ар бир номинация (искусствонун жогорудагы 15 түрү) боюнча 1-2-3-орундарга ээ болгон Лауреат, Дипломанттар – дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат;
Сынактын лауреаттары жана дипломанттары республикалык сынактарга, фестивалдарга катышууга мүмкүнчүлүк алат.
V . Тандоо турунун принциптери
Катышуучулардын көрсөткөн таланттарын атайын түзүлгөн калыстар тобу карайт. Чыгарманын мазмунуна, текстине, оранжировкасына, актерлук жана аткаруу чеберчилигине, улуттук колориттин сакталуусуна өзгөчө көңүл бурулат.
VI . Калыстар тобунун курамы
Калыстар тобу ОшМУдан, облустук, шаардык маданият жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрүнөн түзүлөт.
VII. Факультеттердин милдеттери:
а) фестиваль-сынактын өтүүсү жөнүндө ар бир тайпага кабарлоо;
б) сынакка катышууну каалаган студенттерди табуу жана аларга фестиваль-сынактын шарттары, тартиби жөнүндө кеңири маалымат берүү;
в) фестивалдын аталышына жана эмблемасына сынак жарыялоо;
г) факультетте сынактын бардык жанры жана түрү боюнча фестивалдын биринчи тандоо турун уюштуруу жана өткөрүү;
д) финалдык II турга катышуучуларга моралдык-материалдык жана идеалык жактан жардам берүү;
е) факультеттин финалдык II турга катышуучу таланттарын күйөрмандар менен камсыздоо же бөлүнгөн билеттерди реализациялоо;
VIII . Сынактын өткөрүлүүчү жайы жана убактысы
“ОшМУ жазы” фестиваль-сынагы **** –жылдын ******* күндөрү саат ***** Ош шаарынын Алымбек Датка атындагы эс алуу багында өткөрүлөт;
Эскертүү: а) Катышуучулар милдеттүү түрдө ***** күнү саат ***** ОшМУнун башкы имараты, ЧАЗга жалпы даярданууга келиши керек;
б) Сынактын шарттарын берилген убакыттын ичинде аткаруу (регламенти сактоо);
в) Сынак учурунда атаандаштарынын дарегине шек келтирбөө.
Уюштуруу тобу:
ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети;
Байланыш дареги:
ОшМУнун башкы имараты, 120-кабинет (ЧАЗ), тел.: 2-25-26, 2-26-33.