Жаңылыктар

Табият таануу циклы


Табият таануу предметтик циклдык комиссиясынын тарыхы КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана акредитациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциясынын 2006–жылдын 26– сентябрындагы №8-07 протоколунун чечиминин негизинде № 352 лицензиясына ээ болуу менен юридикалык колледжи өз алдынча Финансы-юридикалык колледж болуп түзүлүп, 2007- жылдын 2-февралындагы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин токтомунун жана ректордун 2007–жылдын 13–февралындагы №40 буйругунун негизинде колледжде кесиптик билим берүү дисциплиналары жана жалпы билим берүү дисциплиналарынын табият таануу жана физика, математика жана информациялык технолгиялар кафедралары болуп эки кафедрага бөлүнгөн. 2015- жылы кафедра ”Товар таануу жана эксперт” адистиги боюнча лицензия алган жана тиешелүү адистик боюнча студенттерге билим берип келди. ПЦКда илимий даражалуу 2 доцент, 2 магистр, 2аспрант, 3 окутуучу, 1 лаборант эмгектенип келишет. 2015-жылдан баштап кафедраны Садыкова Гүлмира жетектеп келди. Кафедранын илимий –усулдук багыты: Беккулов М.И., изденүүчү илимий темасы: “Взаимосвязь тонины шерсти с крепостью телосложения овец горного мериноса”. Эргешова Дж.М. илимий темасы: “Өспүрүмдөрдүн физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша биологиялык түшүнүктөрдү калыптандыруу”. Кудайберди к.З. илимий темасы: “Ош шаарынын чычкан сымал кемирүүчүлөрү (динамикасы, практикалык мааниси)” бекитилип, анын үстүндө иштеп жатышат. Кафедранын окутуучулары тарабынан: окуу китеби, 1 окуу куралы, 2 усулдук колдонмо, 2 программа жана эки жүзгө жакын илимий- усулдук макалалар жарык көргөн. ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү боюнча 2020-жылдын 10-сентябрындагы №24- буйругунун негизинде кафедралар “Финансы жана Банк иши ” жана “Табият таануу жана товардык экспертиза” кошулуп бөлүм ачылып, э.и.к, доценти Абдрахманов Оенбек Эмилович бөлүм башчылыкка жана Эргешбаева Айчүрөк Адановна “Табият таануу жана товардык экспертиза” ПЦКнын төрайымы болуп дайындалган. Финансыюридикалык колледжинин жалпы билим берүү дисциплиналарынын табият таануу кафедрасынын базасында “товар таануу жана керектелуучу товарлардын сапатын экспертизалоо” адистиги даярдалып жаткандыгына байланыштуу, аталган кафедранын аталышы “Табият таануу жана товардык экспертиза” деп өзгөртүлдү. 2019-жылдын 5- апрелдеги №3/19/02 буйругунун негизинде 5-жылдык мөөнөткө аккредитациядан өттү. “Табигый илимдери жана туруктуу өнүгүү” багытында Д. Р. Сатывалдиев “Орто мектептин окуучуларына алгачкы химиялык жана физикалык түшүнүктөрдү маалыматтык технологиялардын негизинде окутуунун методикасы” деген темада диссертациялык ишин 2019- жылдын 25-октябрында И Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу боюнча Д 13.18.573 диссертациялык кеңешинин жыйынында корголду. 21.08.2024ж Кыргыз Республикасында: “Продукциянын рентабелдүү түрлөрүн алуу үчүн койлордун биологиялык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануунун жакшыртуу Кыргызстандын кой чарбасынын эң маанилүү проблемасы болуп саналат. М.И.Беккулов “Кыргыз тоо меринос коюн чыгарууда экстервьердик белгилери менен жүнүнүн сапатынын өз ара байланышы” деген темада диссертациялык ишин 2024- жылдын 28-июнда айыл чарба илиминин кандидаты окмуштуулук даражасынын изденип алуу боюнча К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Кыргыз мал чарба жанан жайыт илим изилдөө институтуна караштуу 03.24.692 диссертациялык кеңештин жыйынында корголду. 2021- жылдын 1-сентябрындагы ОшМУнун №3152- ФХД/21 14.09.2021 буйругунун негизинде Сатывалдиев Дүйшөбай Ражабалиевич “Табият таануу жана товардык экспертиза” ПЦКнын төрагасы болуп дайындалды. “Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо” адистигине студенттерди кабыл алуу токтогондугуна байланыштуу. “Табият таануу жана товардык экспертиза” предметтик циклдык комиссиясынын аталышы ОшМУнун №4122-ФХД/ 04.10.2022 буйругунун негизинде “Табият таануу” ПЦКсы деп аталды. Табият таануу ПЦКнын төрагасы болуп п.и.к., доцент Сатывалдиев Д. Р. дайындалды жана жетектеп келүүдө