Программа жөнүндө маалымат

“Аймак таануу” программасы тууралуу кыскача маалымат

Программанын миссиясы - заманбап кесиптик стандарттардын талаптарына жооп берген аймак таануу жаатында фундаменталдык базалык билимге ээ бакалаврларды даярдоо.

ОшМУда 2001-жылдан бери “Аймак таануу” билим берүү программасы ишке ашырылып келет. 2021-жылга чейин ОшМУнун ар кайсы факультеттеринин түзүмүндөрүндө «Аймак таануу» багыты боюнча бакалавр жана магистрлерди даярдоо иштери жүргүзүлүп келген.

2021-жылдан бери бул программа ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин орус жана евразиялык интеграция бөлүмүнүн алкагында ишке ашырылып келет (ОшМУнун ректорунун буйругу № 2195-ФХД/21 07.02.2021).

Бүгүнкү күндө “Аймак таануу” программасы ЭАББПЖМнин алдыңкы билим берүү программаларынын бири болуп саналат жана окуу, усулдук, илимий-изилдөө, тарбия иштерин жана бүтүрүүчүлөрдү регион таануу боюнча практикалык атайын даярдоону жүзөгө ашырат.

Программанын жетекчиси - философия илимдеринин кандидаты, доцент Акматова Д.А.

Аймак таануу программасы (бакалавриат) 2024-жылы көз карандысыз аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, «EdNet» Билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттиги» коомдук фондунан Аккредитация сертификатын (№ CA-7-24-21P) алган.

Аймак таануу багытындагы студенттердин окуу, илимий жана коомдук чөйрөлөрдөгү мыкты ийгиликтери жана жетишкендиктери Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы менен белгиленген. 2020-21-окуу жылында РВ-1-17 тайпасынын студенти Бакиева Жыпаргүл, 2021-22-окуу жылында Болот кызы Айкерим Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына татыктуу болушкан.