Көнүгүү
Ата-энелер менен тыгыз байланыш – сапаттуу билимдин кепилдиги

«Программалык инженерия» студенттеринин кесиптик практикасы жыйынтыкталды

«Программалык инженерия» адистигинин 2-3-курсунун студенттеринин өндүрүштүк практикасы боюнча өткөрүлгөн конференцияда студенттер практика учурунда алган билимдерин жана тажрыйбаларын жыйынтыкташты. Катышуучулар аткарылган иштер боюнча баяндамаларды жасап, маалыматтык технологияларды колдонуу, документтер менен иштөө жана кесиптик көндүмдөр тууралуу ой бөлүштү. Конференциянын жүрүшүндө тажрыйба алмашуу жүргүзүлүп, теориялык билимди практикада колдонуу деңгээли көрсөтүлдү. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, студенттердин кесиптик даярдыгын арттырууга чоң салым кошту.


Практика жөнүндө жаңылык
Практика 2024–2025

Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн студенттери практикага чыгышты

Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясы бөлүмүнүн 2024–2025-окуу жылындагы студенттери кесиптик билимдерин чыныгы шартта сыноо үчүн практикага чыгышты.

2-курс ПИКТ-1-23 тайпасынын студенттери “Окуу-өндүрүштүк практика” боюнча иш алып барышууда. Бул этап аларга теориялык билимдерин практикада колдонууга, өндүрүштүк процесстер менен таанышууга жана кесиптик тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк берет.

4-курс ПИКТ-1-21 тайпасынын студенттери “Квалификациялык практика” боюнча иштеп жатышат. Алар өздөрүнүн кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн жыйынтыктоочу деңгээлде сынап, бүтүрүү ишин даярдоонун үстүндө иш жүргүзүшүүдө. Бул практика аларга чыныгы адис катары калыптанууга көмөк көрсөтөт.

Практиканын негизги максаты – студенттерди кесиптик билимдерин реалдуу шартта колдонууга үйрөтүү жана аларды келечектеги эмгек ишмердүүлүгүнө даярдоо.

Практиканын жыйынтыктары жана кызыктуу учурлар жакын арада сайтыбызда жарыяланат. Көз салып туруңуздар!