Ош МУнун Аялдар кеңешинин максаттары, милдеттери жана функциялары.
Ош мамлекеттик университетинин Аялдар кеңеши Тарбия департаментинин жетекчилиги астында иш алып баруучу коомдук уюм болуп эсептелет. Студент кыздарыбыздагы таалим-тарбия маселеси Ош МУда стратегиялык маселе катары ар дайым көӊүл чордонунда. Анткени тарбия адамзат, улут, социум топтогон социалдык-тарыхый тажрыйбаны, маданиятты, руханий адеп-ахлак салттарын муундарга мурастап өткөрүүнүн куралы. Коомдогу өтмө-катыштык жол-жобосун жүзөгө ашырып турган улуу күч-тарбия механизми аркылуу гана коом – коом катары сакталат жана келечекке карай илгерилеп өнүгөт. Тарбиялоо — бул коомдун мүдөөлөрүнө жана муктаждыктарына жараша адамдын адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу боюнча максатка багытталган план ченемдүү иш.
Аялдар кеңешинин максаты:
Жамаатта асылзат айымдар менен биргеликте ааламдашуу процессинде улуттук нарк насилди сактап, бабалардан бери келе жаткан көөнөрбөс рух-көрөңгөбүздү улоо менен, улуулардын улуу касиетине таасирленип, акылга тунган сөздөрүнө каныгып өскөн, адеп –ахлагы бийик болгон кыздарды тарбиялоо жана менталитетибизге ылайык өз жүзүбүздү сактап калууга көмөктөшүү. Жогорку норма-өрнөктөргө, идеалдарга умтулуу, аларды реалдуулукка айландыруу, практикада жүзөгө ашыруу аялдар кеңешинин таалим-тарбия ишмердигинин башкы мүдөөсү, негизги максаты болуп калат.
Аялдар кеңешинин милдеттери:
- Өлкөбүздүн, окуу жайыбыздын өнүгүшүнө тирек-таяныч болуп берчү, андагы
таалим-тарбия ишине багыт-маяк катары кызмат кылуу;
- Кыздарда элдик нравалык баалуулуктарга негизделген тарбияны алып баруу;
- Улуттук дөөлөттөргө, элдик рухий, адептик-ыймандык нарктарга жана жалпы адамзаттык моралдык кенчтерге негизделген таалим-тарбия стратегиясын, концепциясын түзүп, кабыл алып, анын негизинде узак мөөнөттүү тарбия программасын, практикалык иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу.
Аялдар кеңешинин функциялары:
1.ОшМУнун кыздар кеңешинин ишин жандандыруу;
2.Кыздар каалаган учурда кеңири кайрылуулары үчүн “ Ишеним сааттарын” уюштуруу;
3. Ден-соолукка кам көрүү, гигиенаны сактоого багыт берүү үчүн даарыгерлер, гинекологдор менен кызматташуу;
4. Сулуулук сырлары, кийинүү маданиятын калыптандыруу үчүн косметологдор, стилисттер менен иш алып баруу;
5. Массалык маалымат каражаттары менен тыгыз байланышта иш жүргүзүү: дебат, дискуссия, ток шоуларды уюштуруу;
6. ОшМУнун демилгелерин бардык багытта колдоп, өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошуу.
Ош МУнун Аялдар кеңешинин төрайымы: Г.И.Сейитказыева