Практика

"3-курстун студенттери үчүн практиканын жыйынтыктоочу конференциясы"

Бүгүн, 2024-жылдын 13-ноябрында, ВШМОПтун Россия жана Евразия интеграциясы бөлүмүндө “Башталгыч билим берүү. Англис тили” багытындагы 3-курстун студенттери үчүн кесиптик-базалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Студенттер практика учурунда теориялык билимдерин колдонуп, педагогикалык тажрыйбанын баштапкы көндүмдөрүн өздөштүргөнүн айтып өтүштү. Айрым студенттер практика өткөн жерлеринен Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар менен кайтып келишти.


Фотогалерея

2024-жылдын 15-октябрында №27 партсъезд атындагы орто мектепте болуп кайттык.Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн "Башталгыч билим берүү.Англис тили" программасынын 3-курс ВНО(б)-1-22, ВНО(б)-2-22 тайпаларынын педагогикалык практикада жүргөн студенттерге барып, методикалык жардамикөрсөтүлүп жана мектептин жетекчилиги, мугалимдер менен жолугуштук. Сабактарга катышып, пикирлер айтылды.





2024-жылдын 27-сентябрында Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн "Башталгыч билим берүү.Англис тили" программасынын 3-курс ВНО(б)-1-22, ВНО(б)-2-22 тайпаларынын студенттерине педагогикалык практикага багыт берүү конференциясы өткөрүлдү. Практика жана карьера борборунун улук инспектору (педагогикалык практика) п. и. к., проф., А. Батыралиев ОшМУнун практика боюнча жоболоруна таянып бир катар методикалык кеңештерди берди. Ошондой эле РЕИБнын бөлүм башчысы доцент, Д. Акматова, программа жетекчи Б. Марзабаева жана башка окутуучулар да коопсуздук эрежелерден тарта күндөлүктү толтуруу, педагогикалык этикет боюнча кенен маалыматтар менен бөлүшүштү.





"Башталгыч билим берүү.Англис тили" программасынын 2-курстарына адаптациялык-педагогикалык практикасына багыт берүү конференциясы өткөрүлдү

2024-жылдын 9-февралында Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн "Башталгыч билим берүү.Англис тили" программасынын 2-курстарына адаптациялык-педагогикалык практикасына багыт берүү конференциясы өткөрүлдү. Студенттерге методикалык кеңештер жана күндөлүктү толтуруу боюнча тажрыйбалуу окутуучулар кенен маалымат беришти.




Студенттердин окуу практикасы боюнча «Башталгыч билим берүу. Англис тили» багыты боюнча, 3 курсунун ВНО (б)1-21 тайпасынын жыйынтыктоочу конференция.

Бүгүн 15-ноябрь, 2023-жылы Россия жана Евразия интеграция бөлүмүнүн "Башталгыч билим берүү. Англис тили" программасынын 3-курстарына кесиптик-базалык практиканын жыйынтыгы боюнча конференцияда студенттер алган таасирлери, тажрыйбалары менен бөлүшүштү.


явочный лист установочной конференции 09.02.2024
База договоров с учреждениями, предприятиями ВНО
№18 мектеп-лицейи
Ю.А.Гагарин атындагы орто мектеби
Т.Алтыбаев атындагы орто мектеби
Кубаныч билим берүү мекемеси
Интеллект билим берүү комплекси
С.Шарипов мектеп-гимназиясы
Азия Старт жеке мектеби
Отуз-Адыр орто мектеби
Макаренко мектеп гимназиясы


Студенттердин окуу практикасы боюнча «Башталгыч билим берүу. Англис тили» багыты боюнча, 1 курсунун ВНо(б) 1-21 тайпасынын жыйынтыктоочу конференция.

Конференцияда студенттер практикалык ишмердүүлүгү өткөрүлгөн мекемелерин, өздөрүнүн таасирлери жана алгачкы тажрыйбалары менен бөлүшүштү.