2025-11-19 9:01:01 101

ОшМУда илимге салым кошкон географтар сыйланды
Кечээ, 18-ноябрда, Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде 2024-2025-жылдардагы илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгында мыкты болгон окутуучуларды сыйлоо аземи уюштурулуп, ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, г.и.д., профессор, улуу урматтуу Абдурашит Гумарович Низамиев, "Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК" кафедрасынын окутуучулары: г.и.д., профессор, урматтуу Матикеев Курманали Матикеевич; г.и.к., доцент, урматтуу Эргешов Садирали Эргешович; кафедра башчысы, г.и.к., доцент, урматтуу Зувайда Эрмаматовна Шербаева; г.и.к., доцент, урматтуу Абдижапар Ураимович Аккулов, "Экономикалык география, аймактык экономика жана туризм" кафедрасынын окутуучусу, г.и.к., доцент, урматтуу Эрнисбек Каныбекович Алайчиев «ОшМУнун ички гранттык долбоорлорунун илимий көргөзмөсү – 2025» сынагынын жыйынтыгында бир катар номинацияларынын жеңүүчүлөрү болуп, татыктуу сыйлыктарга ээ болушту. Сыйлыгыңыздар кут болсун, өрнөктүү өкүнбөгөн өмүр сүрүп, бактылуу, дөөлөттүү карылыктын доорун жашаңыздар!В ОшГУ географы награждены за вклад в науку
Вчера, 18 ноября, в честь Всемирного дня науки в Ошском государственном университете состоялась торжественная церемония чествования выдающихся преподавателей за научно-исследовательскую работу в 2024-2025 годах. Директор Института естествознания, физической культуры, туризма и аграрных технологий ОшГУ, д.г.н., профессор, глубокоуважаемый Абдурашит Гумарович Низамиев, преподаватели кафедры «Физическая география, география Кыргызстана и КСЕ»: д.г.н., профессор, уважаемый Матикеев Курманали Матикеевич; к.г.н., доцент, уважаемый Эргешов Садирали Эргешович; зав. кафедрой, к.г.н., доцент, уважаемая Зувайда Эрмаматовна Шербаева; к.г.н., доцент, уважаемый Абдижапар Ураимович Аккулов, преподаватель кафедры «Экономическая география, региональная экономика и туризм», к.г.н., доцент, уважаемый Эрнисбек Каныбекович Алайчиев стали победителями ряда номинаций конкурса «Научная выставка внутренних грантовых проектов ОшГУ – 2025» и получили заслуженные награды. Поздравляем вас с наградами коллеги, желаем бесконечно долгих и счастливых лет жизни, наполненных здоровьем, покоем, счастьем и заботой!












