Кафедра төмөндөгү негизги максаттардын жана милдеттердин негизинде иш алынып барылууда.
- Окуу куралдарын, окуу-усулдук колдонмолорун жарыкка чыгарууну жандандыруу;
- Кафедрага тийиштүү эки багыттагы “Кыргызстандын өндүргүч күчтөрүн жайгаштыруу жана аны өнүктүрүү”,
“Кыргызстандын туристтик комплексин жана туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнүн экономикалык географиялык маселелери” илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;
- “25.00.24” “Экономикалык, социалдык жана саясий география” багыты боюнча студенттердин илимий-изилдөө иштерине жетекчилик кылуу;
- “25.00.24” “Экономикалык, социалдык жана саясий география” багыты боюнча адистигинде аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн илимий-изилдөө иштерине системалуу жана үзгүлтүксүз иштөөсүнө көмөк көргөзүү, сапаттуу аткарылган ишин талкуулоо;
- Аспиранттар жана студенттер үчүн илимий-практикалык семинар, симпозиум жана конференцияларды уюштуруу;
- Эл аралык, республикалык жана аймактык илимий конференцияларга илимий макалаларды жарыкка чыгарууга сунуштоо,
- Студенттер арасында тарбиялык, маданий жана спорттук иш-чараларды активдүү катышууну жогорку деңгээлде уюштурууну камсыздоо;
- Замандын талабына ылайыктуу адистерди даярдоо;