ОшМУ ДКжУМБББ жана КР Стоматология Ассоциациясы бирдикте Эл аралык илимий -практикалык конференция өткөрүштү. Конференцияга Россия, Өзбекстан, Таджикстан жана Швецариия мамлекеттеринен жана КГМАдан лекторлор катышышты. Конференцияга борбордун клиникалык жетекчилери, ординаторлор илимий-практикалык презентациялары менен чыгуу жасашты. Конференциянын аягында ОшМУнун стоматология клиникасында ординаторлорго, Eshiev Art клиникасында врач стоматологдорго мастер-класс өткөрүлдү. Конференциянын алкагында ординаторлордун стенд докладтары да кызуу талкууга алынды.
Бишкек шаары.2022 ж 27-28 май.ОшМУнун ДК жУМБББ Стоматология болумунун клиникалык жетекчилер,насаатчылар жана ординаторлордон турган делегациясы КР Стоматологиялык Ассоциациясынын XV Эл аралык Конгрессине катышып келишти. Конгрессте Стоматологияда жетишкен дуйнолук ыкмаларды камтыган чыгуулар менен таанышышты.2 кундук Конгресске катышып сертификаттардын ээси болушту.




