Аялдар кеңеши
ОшМУ Аялдар кеңеши - Жобо

Аялдар кеңешинин Жобосу

Ош мамлекеттик университети

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо Ош мамлекеттик университетинин (ОШМУ) Аялдар кеңешинин макамын, максатын, милдеттерин, түзүмүн жана ишмердүүлүк тартибин аныктайт.
1.2. Аялдар кеңеши — ОШМУдагы аял кызматкерлердин жана студент кыздардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоону, алардын социалдык, маданий, руханий жана кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүнү максат кылган коомдук уюм болуп саналат.
1.3. Аялдар кеңеши өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Ош мамлекеттик университеттин Уставына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.

2. Аялдар кеңешинин максаты

2.1.Университеттеги аялдардын жана студент кыздардын коомдогу ролун жогорулатуу, алардын демилгелерин колдоо жана ар тараптан өнүктүрүү.
2.2.Аялдардын жана студент кыздардын адеп-ахлактык, руханий жана патриоттук тарбиясын чыңдоо.
2.3.Аялдардын жана кыз-келиндердин укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу жана гендердик теңчиликке өбөлгө түзүү.
2.4.Коомдук турмушта, илимде, билим берүүдө жана маданиятта активдүү, демилгелүү, жоопкер аялдардын катмарын калыптандыруу.

3. Функционалдык милдеттери

3.1.Университеттин бардык факультеттеринде жана бөлүмдөрүндө аялдар кеңештерин түзүү жана координациялоо.
3.2.Иш-чараларды уюштуруу:
  • Адеп-ахлактык семинарлар, тренингдер, тегерек столдор;
  • Мекенчилдик жана маданий жолугушуулар;
  • Мотивациялык лекциялар жана mentorship программалары;
  • Кесиптик мастер-класстар.
3.3.Зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы күрөшүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
3.4.Социалдык абалды изилдөө жана жетекчиликке сунуштарды берүү.
3.5.Гендердик теңчиликти жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө.

4. Курамы жана башкаруу

4.1.Ар бир факультеттен жана бөлүмдөн шайланган өкүлдөрдөн турат.
4.2.Ишти университеттин жетекчилиги тарабынан дайындалган төрайым жетектейт.
4.3.Отурумдар жылына кеминде төрт жолу өткөрүлөт.

5. Жыйынтык жоболор

5.1.Жобо университет ректору тарабынан бекитилет.
5.2.Ишмердүүлүк ачык-айкындуулук жана демократиялык принциптерге негизделет.

Байланыш маалыматтары

Төрайым: Абдималик кызы Жаркынай

Тел: (+996) 777 290 302

Email: gseiitkazyeva@gmail.com


2023-2024 иш план