Ал эми 2012-13-окуу жылынан баштап бул кафедранын жетекчиси болуп физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Азимбаев Мухтар жетектеп келе жатат. Азыркы күндө кафедрада токсондон ашык профессордук-окутуучу курам иштеп жатышат. Алардын ичинен 5 илимдин докторлору, 28 илимдин кандидаттары, 33 улук окутуучулар жана 21окутуучулар эмгектенишет. Кафедрада азыркы учурда төмөндөгү адистиктер боюнча окуу пландары түзүлүп, студенттер билим алышууда, атап айтканда: «экономика» багыты боюнча «финансы жана кредит», «бухгалтердик эсеп, тастыктоо жана аудит» адистиктери, «Юриспруденция» адистиги, педагогика багыты боюнча кыргыз тили жана адабияты адистиги, педагогика жана билим берүүнүн башталгыч класстары методикасы адистиги, биология адистиги, информатика адистиги, орус тили жана адабияты адистиктери билим алышууда.